Кыргыз-түрк достугу ооруканасына Эрдогандын ысымы берилди

Кыргыз-түрк достугу ооруканасы.

Бишкектеги кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ысымы Бишкек кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасына ыйгарылганы айтылат.

2016-жылдын июнь айында Түркиянын каражатына курула баштаган оорукана 2017-жылы аяктап, иштей баштамак. Бирок ар кандай себептер менен толук ачылбай, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу ишке берилип, 2021-жылы толук ачылган.

Медициналык борбордо медициналык “Тез жардам” кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү бар. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский Германиянын канцлери Шольц менен Берлинде жолугатПакистан: жыл башынан бери антитеррордук операцияларда 200дөй аскер набыт болгонКыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы өлкөгө келди Жер көчкү коркунучу бар аймактарда 3817 үй-бүлө жашайтАкылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту Токтогул ГЭСиндеги №1 агрегатты оңдоо иштеринин 80% аяктадыУлуттук банк валюта базарынан дагы 22 млн 500 миң доллар сатып алды