“АЮ” компаниясынын директоруна сот чечими чыкканы белгилүү болду

“АЮ Холдингдин” логотиби.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ушул жылдын 17-апрелинде “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаевди Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси - “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен актаганы 4-сентябрда белгилүү болду. Ал эми “Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап үч жылга эркинен ажыратты.

Тыныбек Исаевга мунапыс колдонулуп жазадан бошотулган. Ал 2023-жылы октябрь айында кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту андан тышкары “АЮ” компаниясынын кызматкерлери боюнча да өкүм чыгарган. Ага ылайык, А.А.А., А.Р.Э., И.А.М. “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен акталган. “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ар бири эки жылдан эркиндигинен ажыратылган. Аларга да мунапыс колдонулуп жазадан бошотулган.

Ошондой эле М.Т.К., С.Н.С. “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен акталып, реабилитация болгон.

“АЮ Холдинг” мындан 20 жыл мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башкалар бар.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы жазында “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде, “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.

“АЮ Холдингдин” негиздөөчүсү ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылып, издөө жарыяланган. (BTo)

Дагы караңыз

“Куликовский” ишканасынын кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарландыКоммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти Львовго урулган соккудан жети киши каза тапты, 40тан ашыгы жабыркадыОкуучуларды массалык иш-чараларга тартуунун тартиби аныкталдыЖаратылыш министрлиги Миң-Куштагы мурдагы кырсык боюнча маалымат берди Жогорку Кеңеш Сыргабаев менен Машиевдин талапкерлигин колдодуАкыйкатчы Нарында бычакталган келиндин окуясын көзөмөлүнө алдыКыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө бекети ачылды