Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Львовго урулган соккудан жети киши каза тапты, 40тан ашыгы жабыркады


Львовго урулган соккудан кийинки куткаруу иштери. Украина, 4-сентябрь 2024-жыл
Львовго урулган соккудан кийинки куткаруу иштери. Украина, 4-сентябрь 2024-жыл

Львовго урулган соккудан каза тапкандардын саны жети кишиге жетти. Набыт болгондордун арасында үч бала бар. Тогуз жаштагы кыздын сөөгүн уранды астынан куткаруучулар тапканын облустук администрациянын башчысы Максим Козицкий билдирди. Жараат алгандардын саны 40 кишиге жакындады, бешөө оор абалда.

4-сентябрь күнү эртең менен орус аскерлери Львовго ракета менен сокку урган. Кошуна өлкөдөгү "чыңалган абалдан" улам Польша бир жумада үчүнчү ирет согуштук учактарын жогорку даярдыкка келтирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

Шаардын мэри Андрей Садовыйдын айтымында, борбордук вокзалдын айланасындагы үйлөр өрттөндү, терезелери күбүлүп түштү, эки мектепке зыян келтирилди.

Алдын ала маалыматка ылайык, орус армиясы Львовго "Кинжал" ракеталары менен сокку урду.

Украин бийлиги калаанын үстүнөн дрондор учуп жүргөнү байкалганын маалымдаган. Абадан коргоо күчтөрү да орусиялык бир нече канаттуу ракеталардын тобу Львов, Ивано-Франковск, Тернополь жана Хмельницкий облустарына багыт алганын аныкташкан.

Днепропетровск облусунун администрация башчысы Сергей Лысак маалымдагандай, Кривой- Рог шаарына коюлган чабуулдан беш киши жабыркады, мейманкана, дүкөндөр менен дарыкана, машинелер, төрт окуу жайы зыян тартты.

"РБК Украина" шаршембиге караган түнү Украинада абадан сокку уруу коркунучу жарыяланганын, Орусия дрондор жана ракеталар менен аткылаганын, жарылуулар Сумы, Киев, Ровно жана Киев облустарында угулганын жазды.

Орус аскерлери Львовго урулган соккуну комментарийлешкен жок.

XS
SM
MD
LG