Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Акыйкатчы Нарында бычакталган келиндин окуясын көзөмөлүнө алды


Нарындагы окуя тууралуу видеодон алынган скриншот.
Нарындагы окуя тууралуу видеодон алынган скриншот.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Нарын шаарында күйөөсү бир нече жолу бычак менен сайып жиберген келиндин окуясын жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу укук коргоо мекемесинин басма сөз кызматы маалымдады.

“Мени абдан өкүндүргөнү кыз-келиндерибизге карата зордук-зомбулук күчөп жатканы. Бул окуяны мен абдан тынчсыздануу менен кабыл алып, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырат элем. Мындай жүрөк үшүн алган окуялар кайталанбашы керек. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек”, - деди акыйкатчы.

Маалыматта акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү оор абалда облустук ооруканада жаткан келинден кабар алганы да кабарланган. Келин өкүлгө күйөөсү мурда да зомбулук кылып жүргөнүн, ошондуктан, июль айында балдарын алып үйүнөн чыгып кеткенин айтып берген.

“Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем”, -деген жабырлануучу. Жубайлардын ортосунда үч баласы бар.

Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү жабырлануучуга укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүүдө. Келинге узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.

31-августта социалдык тармактарда Нарын шаарындагы соода борборунун биринде жайгашкан ашканадан 42 жаштагы эркек киши 41 жаштагы аялынын моюнуна бир нече жолу бычак сайып жибергени тартылган видео таркаган. Көп өтпөй моюнуна жана денесинин ар кайсы жерине бир нече жолу бычак жеген келин ооруканага жеткирилгени, ал эми бычактоого шек саналып анын күйөөсү кармалып, эки айга камалганы кабарланган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын беш айында эле үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилген. Акыркы эки жылда 20дан ашуун аял зомбулуктун курмандыгы болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG