Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө бекети ачылды


"Бедел" өткөрмө бекети.
"Бедел" өткөрмө бекети.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында "Бедел" өткөрмө бекетинин салтанаттуу ачылышы 3-сентябрда болду.

Иш-чарага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, иш-чара Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Шинжаң-Уйгур автоном райондук компартиясынын катчысы Ма Синжуйдун видео кайрылуусу менен башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Бедел" өткөрмө бекетинин ачылышына байланыштуу атайын куттуктоо жолдоду.

“Бедел” өткөрмө пунктун ачуу – биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик, анткени биз өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жана дүйнөнүн алдыңкы экономикасы - Улуу Кытай менен өз ара аракеттенүүнүн бекем пайдубалын түптөп жатабыз, бул Кыргызстандын транспорттук-логистикалык потенциалын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи президент.

Ысык-Көл облусунун аймагындагы бул өткөрмө бекети жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттар менен иштей баштайт. Ал эми эл аралык стандарттарга жооп берген толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары эки өлкө биргелешип ишке ашырат. Буга чейин электр энергиясы киргизилип, Барскоон-Үч-Турпан-Аксу багытындагы 58 чакырымдык убактылуу автоунаа жолу курулду. Толук кандуу жолдун курулушу жана бажы, чек ара инфраструктураларын түзүүнү 2027-жылга чейин эки өлкө биргелешип ишке ашырат.

Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол куруу жана өткөрүү пунктун ачуу 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн.

Өткөрмө бекетти ачуу тууралуу эки тараптын 12-июнда кол койгон келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 24-июндагы жыйынында карап, колдоп берген.

Кыргыз-кытай чек арасында“Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери бар. 1-марттан тарта алар күнү-түнү, дем алышсыз иштей баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG