Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Жогорку Кеңеш Сыргабаев менен Машиевдин талапкерлигин колдоду


Абсаттар Сыргабаев жана Медер Машиев. Коллаж.
Абсаттар Сыргабаев жана Медер Машиев. Коллаж.

Жогорку Кеңеш 4-сентябрдагы жалпы отурумунда транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигин колдоду. Ушул эле күнү жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлигин жактырды.

Президент Садыр Жапаров Абсаттар Сыргабаевди июль айында министрдин милдетин аткаруучу кылып бекиткен. 48 жаштагы Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Жалал-Абад облусунун жетекчиси кызматына 2020-жылы октябрда келген. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ошол кезде Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынан талапкерлер тизмесинде бешинчи катарда турган. Акыркы кезде президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Абсаттар Сыргабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да белгилүү.

54 жаштагы Медер Машиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. 2016-2019-жылдары “Газпром Кыргызстан” компаниясында иштеген. 2020-жылдын декабрынан 2024-жылдын январына чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон.

Быйыл март айында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG