Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

“Куликовский” ишканасынын кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланды


“Куликовский” ишканасынын дүкөндөрүнүн бири.
“Куликовский” ишканасынын дүкөндөрүнүн бири.

Бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Куликовский кондитер үйү” ишканасынын Бишкектеги кеңcесин тинтүүгө алып, документтерин алып кеткенин жазышты. Андан тышкары башкы кеңсесине мөөр басылганы кабарланды.

Атайын кызмат бул тууралуу маалымат бере элек. Ал эми “Куликовский” компаниясы комментарий берген жок. Бирок ишкана иштеп жатканы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, тинтүү 3-сентябрда болгон.

“Куликовский кондитер үйү” Кыргызстанда эң ири кондитердик ишканалардын бири. Анын Кыргызстандан тышкары Орусияда жана Казакстанда да филиалдары бар. “Куликовский” Кыргызстанда бюджетке эң көп салык төккөн компаниялардын бири болуп саналат.

Юстиция министрлигинин сайтында “Куликовский кондитер үйүнүн” директору Гайворонский Денис Васильевич, негиздөөчүлөрү Куликов Олег Борисович менен Гайворонский Денис Васильевич экени көрсөтүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG