Депутат Миң-Кушта уран калдыгын ташыган дагы бир автоунаа кырсыкка кабылганын айтты

Орусиялык “Росатом” ишканасынын өкүлдөрү Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышып жаткан учур. Иллюстрациялык сүрөт.

3-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор жүк ташыган автоунаа кырсыкка кабылганын айтты. Ал жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Медер Машиевди бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

“Уран калдыктарын ташыган машине жүгү менен кулаптыр деп атышат. Айылдын ичине кулаптыр. Бул экинчи жолу болуп атат. Ошол жеринде иштеген жетекчилер буга аябай шалаакылык менен мамиле кылышууда. Бул маселе боюнча өлкө башчы өзү барып кепилдик берген. “Ушул жерден баары так, таза ташылат. Эч кимге зыяны тийбейт” деп айткан. Азыр айылдын жашоочулары кооптонуп жатат”, - деди ал.

Медер Машиев кырсык тууралуу кабары жок экенин, тактап туруп маалымат берерин айтты. Нарын облусунун Жумгал районунун акими Адыбек Набиев “Азаттыкка” кырсык болгонун ырастап, окуя боюнча уран калдыктарын ташуу ишин аткарып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги толук маалымат берерин айтты. ӨКМ маалыматты тактап берерин билдирди.

Миң-Куш айылында быйыл 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

Kaktus.media порталы 9-июнда окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялаган. Анда кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты оор техника башка машинага жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Орусиянын “Росатом” ишканасынын федералдык экология боюнча операторунун адис-эксперти Владимир Богатырев “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина сайга кулаганда ичинде уран калдыктары болгонун ырастап, кооптонууга негиз жок экенин айткан.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Миң-Куш айылында көпүрөдөн сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаа “ЭРН-Строй” ишканасынын автоунаасы экенин маалымдаган.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылы август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы жүзөгө ашырууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (BTo)

Дагы караңыз

Нетаньяху барымтада өлгөндөрдүн жакындарынан кечирим сурадыКыргызстанда чет элдиктерди каттоо тартиби өзгөрөтУкук коргоочулар Путинди камоого чакырды, Монголия аны жылуу тосуп алды Журналист Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголдуПрезидент Жапаров репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтардыБекешев Интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салуу чиновниктерге курал болорун айттыОрусияда тик учак кыйраган жерден 22 кишинин сөөгү табылды