Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:26

Президент Жапаров репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды


"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.

Президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарды.

Мамлекет башчы өз негиздемесинде мыйзам долбоорунда документтин кабыл алынышына кошумча каражат талап кылынбайт деп жазылганы менен, Кыргызстандын аймагында 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандар үчүн моралдык кенемте жана ай сайын мамлекеттик кепилдик төлөмдөр төлөнүшү каралганын белгилеген.

"Аталган категориядагы адамдарга ай сайын акчалай кенемте төлөөгө мамлекеттик бюджеттен жылына 77 млн сом сарптоо керек болот. Репрессияланган жарандардын саны 18 миң адам. Булардын баары реабилитацияланчу болсо, алардын жубайларына, балдарына жыл сайын мамлекеттик кепилдик алкагында 345,8 млн сомдон ашуун каражат төлөнүшү керек. Бул мамлекеттик бюджеттин тартыштыгына алып келет. Изилдөө учурунда репрессияланган жарандардын саны өссө, төлөмдүн суммасы дагы көбөйөт. Быйылкы жана келерки эки жылдын пландалган бюджетинде бул үчүн каражат каралган эмес", - деп жазылган негиздемеде.

Жапаров Министрлер кабинети каржы булагын аныктагандан кийин гана мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууга тийиштигин белгилеген.

Долбоорду Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Анда 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө, аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бирок бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.

1937-38-жылдардагы репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.

Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Алардын кайсы жерге көмүлгөнү ондогон жылдар бою белгисиз болуп, 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана дайын болгон.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары өз жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG