Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Нетаньяху барымтада өлгөндөрдүн жакындарынан кечирим сурады


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху

Израилде ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) барымтасындагы туткундарды бошотуп, тынчтык келишимине кол коюу талабы менен ири масштабдагы акциялар өттү. Соңку бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолорго террорчулардун колунда алты туткундун өлтүрүлүшү түрткү болду.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху дүйшөмбүнүн кечиндеги маалымат жыйында алты туткундун өмүрүн сактап кала албаганы үчүн кечирим сурады.

"Мен аларды тирүү кайтара албаганым үчүн кечирим сурайм. Биз буга (туткундарды бошотууга) жакындап баратканбыз, бирок колубуздан келбеди. ХАМАС бул үчүн кун төлөйт", - деди ал.

Ал ошондой эле Израилдин армиясы Египет менен Газа тилкесиндеги Филадельфия коридорун көзөмөлдөп калышы керектигин билдирди. Бул тилке тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү эң талылуу маселе экени кабарланып келет.

Израилдин эсебинде, дал ушул коридор аркылуу ХАМАС Газага аткезчилик жолу менен курал киргизет. Египет менен хамасчылар бул маалыматты четке кагып келишет.

Нетаньяху ошондой эле ХАМАСты толук жок кылмайынча тынчтык орнотуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, Газа тилкесиндеги аскердик операцияны улантуу ниетин билдирди.

Алты туткундун сөөгү 30-август, 1-сентябрь күндөрү анклавдын түштүгүндө табылган.

XAMACтын согушкерлери былтыр 7-октябрда Израилге кирип барып, 240тай адамды барымтага алып, 1200дөй кишини өлтүргөнү кабарланган. Бул окуядан кийин Израил бийлиги ХАМАСка каршы аскердик операция баштаган. Андан бери Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, анклавда 40 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG