Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Орусияда тик учак кыйраган жерден 22 кишинин сөөгү табылды


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Орусияда жарандык тик учак кырсыкка кабылган жерден каза болгон 22 кишинин баарынын сөөгү табылганын 2-сентябрда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 31-августта Камчатка крайында болгон. Ичинде 19 жүргүнчү (көбү туристтер) жана экипаждын үч мүчөсү бараткан Ми-8 тик учагы бийик дөбөлөрдүн бирин сүзүп, кулап түшкөн. Тик учак түшкөн жер 1-сентябрда аныкталган.

Учактын ээси «Витязь-Аэро» компаниясы. Жетекчилердин айтымында, компания жайкын тургундарды жана туристтерди ташуу менен 15 жылдан бери алектенип келген. Ушул эле компаниянын дагы бир тик учагы Камчатка аймагында кыйрап, сегиз кишинин өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG