Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Бекешев Интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салуу чиновниктерге курал болорун айтты


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунуштаган мыйзам долбоору чиновниктерге курал болуп каларын билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү Телеграмм-каналына жарыялаган пикиринде айтты.

“Бул чиновниктер үчүн курал. Анткени алар ар кандай мазактоо үчүн адамдар менен урушпай, аларды жазалоо үчүн Маданият министрлигине кайрылып коюшат. Мен бул мыйзам долбоору карайым элге зыянын тийгизет деп эсептейм. Кандай болгон күндө да документ кабыл алынат деп ойлойм. Ушундан улам мыйзам чиновниктерге эмес, карапайым жарандарга иштешине аракет кылышыбыз керек. Айып пулду да азайтуу зарыл”, - деди депутат.

Августтун башында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Интернет менен жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жапкан жана мазактагандарга айып пул салууну сунуштаган. Анда жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, ишканаларга 200 миң сом айып пул салуу каралган.

Андан тышкары министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, алардын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун да берди.

“Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG