Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Журналист Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголду


Сүрөттөр Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөттөр Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулуна каршы дагы бир айып тагылганын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын 22-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына журналистке каршы жеке ишкер арыз жазган. Ал ишканасына байланыштуу тартылган видеону Ютуб каналынан өчүрүү үчүн Адыл Акжол уулу көп суммадагы каражат талап кылып жатканын билдирген.

Бул факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана УКМК тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусу менен Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө Адыл Акжол уулунун ишкерге байланышттуу Ютуб каналына жүктөлгөн видео 76 миң жолу көрүлгөнү такталган. Журналисттин жакындары жана анын адвокаты бул иш тууралуу комментарий бере элек.

Адыл Акжол уулу кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен 4-октябрга чейин камакка алынганы 12-августта белгилүү болгон. Райондук соттун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

УКМК журналисттин иши жөнүндө комментарий бере элек.

Адвокаты Назик Ажымаматова анын кармалышына быйыл июлда каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу видео себеп болгонун “Азаттыкка” билдирген.

33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Былтыр июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар. Негизинен социалдык көйгөйлөр, саясий темалар боюнча видеолорду чыгарат.

Быйыл июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк зомбулук маселеси коомчулукта катуу талкууланган, Адыл Акжол уулу маркумдун кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып, өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан, Акжол уулу маекти сындап комментарий жазгандарды уят сөздөр менен сөккөнүн айтышкан.

Айтурган Маматкулованын бир жыл мурда турмуш курган жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтса, келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп жатат. Анын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен иш козголгон.

Анын жолдошу 1-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен 30-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. (BTo/DSh)

XS
SM
MD
LG