Аба ырайы: 1-сентябрда күн ачык болот

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29,

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүзгү температурасы 27…29° болот.

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиев жаңы Ак үйгө эл кирип, көрүп чыкса болорун айттыЗеленский Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысын кызматтан алдыСадыр Жапаров авторитардык башкарууга жол бербей турганын айттыАйтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу 48 саатка кармалдыКыргызстанда Эгемендиктин 33 жылдыгы белгиленип жатат