Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Кыргызстанда Эгемендиктин 33 жылдыгы белгиленип жатат


Ала-Тоо аянты.
Ала-Тоо аянты.

Бүгүн, 31-август – Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы белгиленип жатат. Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.

Быйыл андан тышкары Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон.

Эгемендик күнүнө карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында негизги майрамдык иш-чаралар өтөт. Ошондой эле жер-жерлерде да ушундай эле оюн-зоок иш-чаралар болот. (BTo)

XS
SM
MD
LG