Ташиев ипотекалык үйлөр коррупциядан өндүрүлгөн акчага салынып жатканын айтты

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда ипотекалык үйлөр коррупциядан жана уюшкан кылмыштуу топтордон өндүрүлгөн каражатка салынып жатканын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 29-августта Жалал-Абад шаарында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Камчыбек Ташиев июль айында УКМКнын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегияда 2024-жылдын алты айында атайын кызмат бюджеттен 70 млрд сомдон ашык каражат уурдалганын аныктап, анын 50 млрд сомун өндүрүп казынага өткөрүп бергенин билдирген.

УКМК 50 млрд сом кайсы иш боюнча кимдерден өндүрүлгөнү тууралуу так маалымат берген эмес. Коомдо коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирлер айтылып келет.

2024-жылдын август айынын башындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик ипотека менен берилүүчү 11 миң батир курулуп жатат. Анын аянты 700 миң чарчы метрди түзөт, жалпы суммасы 36 млрд сом. Бишкекте 7 миңге чукул батир тургузулуп жатат. Жалал-Абад, Нарын шаарларында жана Сузак районунда, Каракол, Чолпон-Ата шаарларында турак жай комплекстери курулууда.

Мамлекеттик ипотека менен алынган батирлер 25 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөөгө берилет. Ал эми ипотека үстөгү бюджеттик кызматкерлер үчүн 4%, мамлекеттик кызматта иштебегендерге 8% берилет. Жеңилдетилген батир алуу үчүн кезекте 30 миңдей адам турат. (BTo)

Дагы караңыз

Жумуртка импортуна киргизилген чектөө 3-сентябрда алынатУКМК Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 42 чет өлкөлүк жаран аныкталганын билдирдиНуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жаздыКыргызстанда эки жашка чейинки балдардын 71% гана эмделген28-август: Парижде cот Дуровду күрөөгө бошотту, ТИМ "Азаттыктын" материалы боюнча комментарий бердиИмамидин Ташовдун иши боюнча баштапкы соттук угуу аяктадыКыргызстанда 100 объект ишке берилдиТуманбаев Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок экенин айттыКыргызстан Ооганстан менен товар жүгүртүүнү көбөйтүү тууралуу сүйлөштүБишкектеги “Аккула” ат майданынын ордуна чет элдик компания кичи район курат