Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Туманбаев Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок экенин айтты


Президенттик администрациясынын жаңы имараты.
Президенттик администрациясынын жаңы имараты.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жаӊы курулган “Ак үйдүн” курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген комментарийинде айтты.

“Биринчиден, жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекет бардык төлөмдөрдү жүргүзүп бүткөн. Башкача айтканда, биздин эч кимге карызыбыз жок. Экинчиден, “Делюкс групп” деген субподрядчы компания тууралуу маселе көтөрүшүптүр. Мен бул компания тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Андай компания менен иштешкен эмеспиз, тааныбайбыз дагы. Биз иштешкен компаниялар кандай субподрядчы компаниялар менен иштегенин билбейбиз жана аларга тиешебиз жок”, - деген Каныбек Туманбаев.

29-августта 30дай адам “Жаңы Ак үйдүн курулушунда иштеп маянабызды ала албай жатабыз” деп айтып чыгышкан. Алар “Делюкс групп” субподрядчы ишкана жумушка алганын, 150 кишинин июль айынан берки маянасы кармалып жатканын билдиришкен.

Ал эми “Делюкс групп” ишканасынын өкүлү Абдымалик Эрмамат уулу жумушчулардын айлыгы 10-сентябрга чейин толук төлөнүп берилерин, 150 кишинин дээрлик баары теӊ маянасын жарым-жартылай алышканын айткан.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулган. Анын ордуна “Ынтымак - Манас Ордосу” деп аталган президенттин администрациясынын имаратынын курулушу 2022-жылы башталып, быйыл август айында аяктады.

Башында администрациялык имаратты курган компанияга 16 гектар жер менчикке бериле турганы айтылган. Быйыл августта бул имаратты сала турган “Иншаат строй билдинг” компаниясына 16 гектар эмес, 25,7 гектар жер берилери жарыяланган.

“Азаттык” стратегиялык имаратты салып жаткан компаниянын жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Каныбек Туманбаев 11-октябрда имараттын курулушунун жүрүшү тууралуу Фейсбукта маалымат берген. Анда алгач имараттын аянты 17 миң метр деп пландалса, кийин 39 миң чарчы метрге кеңейтилгени үчүн куруучу компанияга берилчү жер чоңойгонун түшүндүргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG