Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бишкектеги “Аккула” ат майданынын ордуна чет элдик компания кичи район курат


Бишкектеги "Аккула" ат майданы.
Бишкектеги "Аккула" ат майданы.

Бишкек шаарындагы "Аккула” ат майданынын ордуна кичи район курулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин 29-августтагы жыйынында вице-мэр Азамат Кадыров билдирди. Шаардык кеңеш “Аккула” ат майданын 55,73 гектар аянты менен эки ишканага түз сатуу боюнча токтом долбоорун карап, колдоп берди.

"Бишкек шаардык мэриясына 8-июлда Вьетнамдын ROX Group жана TNG Global Foundation компанияларынан кайрылуу түшкөн. Алар ипподромду сатып алып, өздөштүрүү боюнча сунуштарын берген. Бир нече жолу жолугушуу өткөн. Алар бюджетке бир жолку 67 млн доллар төлөп, андан сырткары социалдык объектилерди (үч мектеп, үч бала бакча, бейтапкана, гүлбакча, сквер, магистралдык жолдор) өзүнүн каражатына салып, муниципалитетке өткөрүп берүүгө милдеттеме алып жатат. Муниципалитетке өткөрүп берген инвестициясы 145 миңден 150 млн долларга барабар болууда. Мындан сырткары бул долбоорго 1 млрд доллардан каражат жумшайбыз деп жатышат", - деди Кадыров.

Анын белгилешинче, ат майдандын жери эки жолу аукционго чыгарылып, катышуучулар жок болгондуктан ал өтпөй калган.

Шаардык кеңештин депутаттары бул жерди "экинчи Ата-Түрк паркы болуп калбашы үчүн юридикалык жагын тактап, кароону" сунушташты. Ошондой эле бул долбоорду аягына чыгарбай кетип калган же баш тарткан учурда маселе кандай чечилерине кызыгышты. Жыйынга катышкан калаа мэри Айбек Жунушалиев бул маселелердин бардыгы келишимде белгилене турганын айтты.

Бишкек шаардык мэриясы “Аккула” ат майданын эки ишканага түз сатуу боюнча токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңешине сунуштап, токтомдун долбоору 22-июлда жарыяланган.

Ат майдандын аянты 45,73 гектар жерди түзөт жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрге жетет. Көз карандысыз эксперттер ипподромду баалап, баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеген, ушул суммага аукционго коюлган.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Аккула” ("Ак-Кула") ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров быйыл 21-мартта жаңы ат майданынын курулушуна капсула салган. Ал Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG