Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Жумуртка импортуна киргизилген чектөө 3-сентябрда алынат


Кыргызстанда жумуртка импортуна киргизилген үч айлык чектөө 3-сентябрда алынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Тоок жумурткасын импорттоого Министрлер кабинетинин токтому менен 5-июнда тыюу салынган. Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталганы айтылган.

"Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин жергиликтүү канаттуулар фабрикаларында тоок жумурткаларын өндүрүү көбөйтүлгөн жана импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулаган",- деп жазылган аталган министрликтин маалыматында.

Ошол эле учурда расмий маалыматта жумуртка өндүрүүнүн көлөмү канча пайызга көбөйгөнү, импортко атаандаштыктын абалы жөнүндө айтылган эмес.

Аталган министрликке караштуу Ветеринардык кызматтын эсебинде,былтыр Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргызстанга 151,4 млн даана жумуртка ташып келинген. Бул 2022-жылга караганда 30 миллионго көп. Булардан сырткары Өзбекстандан, Түркиядан, Пакистандан жана башка өлкөлөрдөн да жумуртка келген.

Быйыл жазында Кыргызстандын Канаттуулар чарбаларынын ассоциациясынын мүчөлөрү, тоок жумурткасын өндүргөн 24 ишкана “жумуртканы импорттоого убактылуу тыюу салууну" демилгелешкен. Алар ошол эле маалда өлкөнүн продукциянын бул түрүнө болгон муктаждыгын канааттандырууга мүмкүнчүлүгү жете турганын айтышкан.

Ассоциация атамекендик өндүрүүчүлөрдө жумуртка өндүрүүнүн жалпы кубаттуулугу 1,2 миллиард даанага жакын экенин билдирген. Учурда Кыргызстанда бул багытта 100гө жакын ишкана жана 60тан ашык катталбаган чакан, орто жана ири ишканалар иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG