Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

УКМК Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 42 чет өлкөлүк жаран аныкталганын билдирди


Кыргызстанда иштеп жүргөн мигранттарды текшерүү учурунда тартылган сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда иштеп жүргөн мигранттарды текшерүү учурунда тартылган сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарында мыйзамсыз жүргөн 42 чет өлкөлүк аныкталганын, анын ичинен 35и Бангладеш өлкөсүнүн, жети адам Пакистандын жараны экенин билдирди.

Алар Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана кийин Кыргызстандан депортация кылуу үчүн өткөрүлүп берилди.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 2023-жылдан бери Кыргызстанда 29 миң 846 чет өлкөлүк жарандын мыйзамсыз жүргөнү аныкталганын 27-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирген.

Ушул эле жыйында ИИМ мыйзамсыз миграция үчүн салына турган айыптын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганы белгилүү болгон. Ушул тапта Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузгандарга 5500 сом айып салынат.

13-18-май күндөрүнүн аралыгында Бишкек шаарында чет элдик жарандардын сабалганы боюнча окуядан кийин Кыргызстанда мыйзамсыз миграция маселеси көп талкууланып, парламентте да бир нече ирет көтөрүлдү. (BTo)

XS
SM
MD
LG