Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Кыргызстанда 100 объект ишке берилди


“Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводу.
“Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводу.

Президент Садыр Жапаров 30-августта Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводунун жана Ысык-Ата районунда цемент заводдун ачылышына катышты. Андан тышкары өлкөдөгү жаңы курулган 40 өндүрүш ишканаларын жана 60 социалдык обьектилерди онлайн ачты.

“Терек-Таш” заводу жылына 1,2 млн тонна клинкер, 1,7 млн тонна цемент чыгарат. Заводго “AAA GROUP” корпорациясынын курамына кирген “Терек-Таш” жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылат. Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун, “Демир кыргыз эл аралык банкы” сыяктуу финансы институттарынын жана “AAA GROUP” компаниялар тобунун каржылоосу менен ишке берилди.

Заводго 160 млн доллар жумшалса, анын 40 млн долларын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду берген.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей, Кыргызстан жылына 8 млн тонна цемент керектесе, өлкөдөгү заводдор 5 млн тонна өндүрөт. Жаңы завод 1,7 млн тонна өндүрсө, муктаждык дээрлик жабылып, импортко көз карандылык жоюлат.

Клинкер – бул курулуш материалы. Ал акиташ, чопо жана шлактын агломерацияланган аралашмасын жогорку температурада күйгүзүү жана андан кийин майдалоодон пайда болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG