Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштеген Тариел Ботбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") беренелери менен айып тагылган.
Кылмыш ишин Аламүдун райондук милициясы тергеп, учурда ушул райондук сотто каралып жатат.
Карындашы Нургүл Ботбаева агасын 17-майда Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери үйүнөн кармап кеткенин "Азаттыкка" айтып берди.
"Байкем ошондон бери тергөө абагында кармалып жатат. Аны "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыптап жатыптыр. Карапайым вулканизатор кантип бийликти басып алат? Байкем саясатты такыр түшүнбөйт, карапайым жумушчу. Соцтармакта сүрөттөр менен афоризмдерди жазып койгону үчүн эле айыптап жатышат. Бул афоризмдер да, сүрөттөр да интернетте ачык эле жайнап турат. Аны улут аралык кастыкты козутууга да айыптап жатышат. Байкем өзү кыргыз болгону менен келинчеги орус улутунан. Ошондой адам кантип улут аралык кастыкты козутмак эле?"
Нургүл Ботбаева төрт айга чукул тергөө абагында отурган агасынын саламаттыгы начарлап жатканын айтып, үй камагына чыгарып берүүнү өтүнүп, адвокаты бир нече жолу сотко кайрылганын, бирок сот аны четке какканын кошумчалады.
Ботбаевдин адвокаты Нурлан Токталиев тергөөнүн корутундусу менен макул эмес. Адвокат Ботбаевдин соцтармактарга жазгандарын талдаган эксперттердин да корутундусуна да кошулбасын "Азаттыкка" билдирди.
"Карапайым вулканизаторго тагылып жаткан айып менен таанышканымда, ачыгын айтайын, кадимкидей нес болдум. Экинчиден, мындай айыптоо менен Ботбаевдин ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эмес, милиция тергеп жатканы да таң калычтуу. Үчүнчүдөн, анын Фейсбуктагы жазгандарын талдаган лингвист эксперттер да постторунда "бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү аракеттери" бар деген корутунду чыгарып беришиптир. Мындан тышкары эксперттер анын постторунда "расалык, этникалык, диний жана аймактык кастыкты козутуу аракеттери бар" деп аныктама беришиптир. Ботбаевдин постторун окуп таанышкандан кийин буга да таң калдым. Анткени ал белгилүү философтордун же таанымал адамдардын, мисалы Фридрих Ницше, Авраам Линкольн, Рузвельттин айткан сөздөрүн же эзелтен айтылып келген учкул сөздөрдү гана жазып, бөлүшкөн экен. Ушул себептен эле адамды камап, жазалап, тагдырын талкалап салыш керекпи? Ботбаев болгону тогуз класс билими бар, кадимки кара жумушчу. Ал бир да саясатчыны же активистти тааныбайт. Атүгүл эмне кагазга кол коюп бергенин түшүнбөптүр".
Ботбаевдин Фейсбуктагы жазгандарына комиссиялык лингвистикалык экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен адвокат сотко кайрылган. Бирок оң жооп болгон эмес.
Бул иш июнь айынан бери Аламүдүн райондук сотунда каралууда. Адвокат Токталиев август айындагы сот отурумдарына Ботбаевдин өзүн алып келишпегенин белгиледи. Ал "автозакка батпай калганын" айтышкан.
Ботбаевдин окуясы боюнча күч органдары комментарий бере элек. Жогорку соттун басма сөз кызматы айыпталуучу сотко жеткирилбегени үчүн сот жараяндары улам жылдырылып жатканы тууралуу маалыматты ырастады. Эки ирет сот жараяны адвокаты келбей калганы үчүн, беш жолу айыпталуучу сотко жеткирилбегенине байланыштуу жылдырылган. Кийинки сот процесси 3-сентябрга белгиленген.
20дагы кыздан 70теги байбичеге чейин
Кыргызстанда 2020-жылдан бери убакта социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган эле.
Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар. Жакында эле Жогорку сот Интернеттеги жазганы үчүн Каныкей Аранованы үч жылга эркинен ажыраткан чечимди күчүндө калтырды. Июнь айында сот укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган. 1-июлда Свердлов райондук соту акын жана активист Аскат Жетигенди 3 жылга абакка кескен. 15-июлда Чүй облустук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга кескен Аламүдүн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Июль айында сот социалдык тармакка жазган пикири үчүн кармалган активист Зарина Төрөкулованы беш жылга эркиндигинен ажыраткан. Алардын бардыгы мындай чечимдерге макул эместигин билдирип, айыптоолорду четке кагып келишет.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы илимий кызматкери Жоомарт Карабаев да Фейсбуктагы баракчасына жазганы боюнча айыпталып, ушул тапта камакта отурат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлган. Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, ИИМдин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен, тиешелүү сертификаттары жок туруп жүргүзүп, корутунду чыгарып беришерин жазып чыккан. Көп өтпөй кармалып, камакка алынган. Атайын кызмат жана башка бийлик органдары анын айткандары боюнча комментарий берген эмес.
15-августта Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Интернет оюңа келгенди жазчу айдың эмес"
Кыргыз өкмөтү медиа каражаттарында, интернетте жалган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча талаштуу мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, маалымат каражаттарында, интернет же социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга 100 миң сом, юридикалык тараптарга 200 миң сом айып пул салынат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги демилге көтөрүп, иштеп чыккан документ 27-августта коомдук талкууга койду.
Министрдин орун басары Марат Тагаев мыйзам долбоорунун максатын мындай түшүндүрдү:
“Айрымдар интернет айдыңында “бардыгы боло берет” деп ойлошот. Сөз эркиндиги - адамдын фундаменталдуу укуктарынын бири, бирок ал укук башкалардын укуктарын тепсебеши керек. Интернет жана башка платформалар аркылуу кемсинтүү, мазактоо жана жалаа жабуунун көбөйүшү коомдук адеп-ахлакка жана адамдар ортосундагы мамилелерге олуттуу коркунуч келтирет".
Тагаев маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголорун белгилеп, коомдук аң-сезимге карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелиши мүмкүн деп жазылганын эскертти.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жакында эле Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоорун даярдаган. Анда да жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, ишканаларга 200 миң сом айып пул салуу каралган.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.
Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.