Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

"Согушту колдогондор эгемендиктин баркын билбейт". Орусиялык ырчылардын Бишкек сапарын токтотуу талабы


Орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Люся Чеботина жана Стас Михайлов. "Азаттыктын" коллажы
Орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Люся Чеботина жана Стас Михайлов. "Азаттыктын" коллажы

Кыргызстандын эгемендик күнүнүн урматына уюштурулуучу концертке согушту колдогон орусиялык ырчылардын чакырылышы нааразылык жаратууда. Бийлик өкүлдөрү аларга гонорар төлөнбөй турганын, өздөрү демилге көтөрүп келүүнү каалаганын билдирди. Коомчулукта бул жоопко ишенбей сындагандар көбөйдү.

Маданият министрлиги Ала-Тоо аянтында 31-августта - Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгында жергиликтүү артисттер менен бирге Филипп Киркоров, Стас Михайлов баштаган орусиялык жана чет элдик ырчылар концерт коёрун жарыялаган. Интернет колдонуучулар арасында Орусиянын Украинага басып киришин жактаган ырчылардын өлкөнүн Эгемендик күнүндө ырдашына каршы пикирлер айтылып жатат.

"Эгемендик майрамыбызда баскынчылыкты колдогон, даңазалаган ырчыларды чакыруу - уят!" - деген пикирин педагог Асылбек Жоодонбеков Фейсбукка жазды.

"Мамлекеттүүлүктүн эң маанилүү майрамында Борбордук аянтта Аалы, Жеңишбек, Азамат сыяктуу ак таңдай акындарыбыз төгүп турушу керек", - деген пикирде Асылбек Рахманов колдонуучу.


"Орус ырчылары бекер келип ырдайт" деп элди сооротуп жатышат. Ар-намыс, эркиндик, азаттык, мамлекеттүүлүк, улуттук иденттүүлүк деген нерселер эч бир ченем менен өлчөнбөйт, миллиарддаган доллар, дүйнөнүн алтынын алып келсе да сатылбаган баалуулук!" - деди ишкер Рысгүл Акимжанова.

"Ушу Киркоровдун тегерегиндеги окуяда мага катуу тийген нерсе, уюштуруучулардын орус ырчыларын "бекер келет" дегени болду. Эгемендигибизди өз күчүбуз менен майрамдай албай, бир концерт уюштура албай турганчалык, ушунчалык байкуш, мажирөөбүзбү?! "Бекер келет" экен деп, орус эли өзү иренжиген капкайдагы маскарапоздорду чакыруу эгемендик баалуулуктарын мазактоо эмеспи?" - деди саясат талдоочу Руслан Акматбек.

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр "Крик души, ойлоном, Крикоровчо болбогон..." деп жазган.

Анын алдына: "Менин чыгып ырдап жиберейин деген оюм жок. Тамаша катары жазып койдум. Бирок бизде эмне деген гана көз жаздымда калып аткан мыкты өнөрпоздор бар", - деп кошумчалаган.

Төкмөнүн бул билдирүүсүн кийинчерээк баракчасынан таппай калдык.

"Эгемендик күнү Ала-Тоо аянтында Ф.Киркоров, Стас Михайлов, Люся Чеботина, Боссон, IN-GRID концерт беришет деп шаңгырап жатасыңар. Киркоровго корогон акчага аянтка 100 боз үй тигип, кыргыз касиетин ойготуп койсоңор, кыргызга кызмат кылган болот элеңер", - деген пикирин журналист Элнура Кулуева калтырды.

"Казакстандын же Өзбекстандын эгемендик күнүнө Киркоровду чакырганын элестетип көр", - деген оюн талдоочу Шаирбек Маматокторов жазган.

"Киркоровду эмес, түрк дүйнөсүнүн - казак, өзбек, азербайжан, түрк ж.б ырчыларын чакырышса болмок", - деген көз карашта Клара Кудайбергенова.

"31-август эң башкы майрамыбыз - өлкөбүздүн туулган күнү. Алды-артыбызды карап, эмнеге жетишип, эмнеден өксүп атабыз деп салмактачу дата. Жетишкендигибиздин бири - сөзсүз маданият, анын мыкты өкүлдөрү. Төргө чыгарып, ырдатчулар ошолор. Орусиянын өзүндө да, башка жерде да жосунсуз жоруктары менен шермендеси чыккан, согушту жактаган Киркоров ырдачу жер да, күн да эмес. Бекер түгүл (албетте аны каржылачулар көшөгө артында деңизчи), өзү акча төлөсө да эмне болуптур", - деген иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун постунун алдында орусиялык ырчылардын 31-августта келип ырдашына нааразы болгон, сындаган комментарийлер көп жазылууда.

Ошол эле маалда кайсы эл болбосун маданият чөйрөсүндө бөлүнүү болбошу керек деген пикирлерин жазгандар да бар.

"Карманган көз карашына, өңүнө, улутуна, тилине карап жек көрө берсек, анда биздин ошол эле шовинисттерден эмне айырмабыз болот? Бир аз чыдамдуу бололу да, биздикинен башкача көз карашта болгондордун оюн деле сыйлап коёлу, эгер колдон келсе. Тилин деле сыйлап коёлу. Айрыкча музыка, маданият элди бөлбөшү керек го, бириктириши керек го деп ойлоймун. Жеке өзүм Киркоровду илгери бир журналист кызды маалымат жыйын учурунда кемсинткени үчүн такыр сыйлабайм. Бирок аны уккусу келгендердин, анын чыгармачылыгын жактыргандардын табитин, тандоосун сыйлайм", - деген Ибраим Нуракун уулу.

Бийликти жактаган аккаунттардын көбү негизинен "мамлекеттин акчасы кетпегенден кийин, орусиялык ырчылар бекер келип аткандан кийин алардын ырдап кетишинин эмнеси жаман" деген мазмундагы билдирүүлөрдү калтырып жатышат.

"Филипп Киркоров 2-3 ырын ырдайт дагы кетет. Ким көргүсү келбесе көрбөй деле койсо болот да. Же баарына таңуулап жатабы? Жакшы тилек менен жаңы техника алынды. Жакшы тилек менен эле өткөрүп албайлыбы?" - деди Тоси Касымалиева.

Биз социалдык колдонуучулардын айрымдарынын пикирлерин келтирдик. Мындай талкуунун алдында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 31-августта эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтындагы концертте кыргызстандык жана орусиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык ырчы Боссон, италиялык ырчы, композитор Ин-Грид ырдай турганын билдирген.

Ошондон кийин "согушту пропаганда кылган ырчылардын" өлкөнүн эң башкы майрамына чакырылышы катуу сынга алынып, муну өлкө эгемендигине шек келтирүү аракети катары баалагандар чыкты.

Аты аталган ырчыларды ким, кандай жол менен чакырганы азырынча айтыла элек. Маданият министрлиги Эгемендик майрамына байланыштуу иш-чараларды уюштурууга президенттик администрация баш болгон министрликтер катышарын белгилеп, ким жооптуу экенин атаган жок. Айрым маалымат каражаттары аталган министрликке шилтеме жасап, концерттик иш-чаранын чыгымын демөөрчүлөр көтөрө турганын жазышкан.

Социалдык тармактардагы талкуулардан кийин Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков чет элдик ырчылар Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдык мааракесин куттуктап келгени жатышканын, гонорар төлөнбөй турганын айтты. Алардын жатаканасына жана тамак-ашына гана каражат кетерин Фейсбук баракчасына жазды.

"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанатка орусиялык белгилүү ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Амирчик Bosson (автор хита One in a Million) жана италиялык ырчы жана композитор IN-GRID келип катышат. Алар тууралуу кызыгып сурагандар бар, жооп берип кетейин. Ырчыларга мамлекет тарабынан же жеке тараптар аркылуу дагы эч кандай гонорар төлөнбөйт, алар 100 жылдык мааракени куттуктап келүүдө. Болгону жатаканасын жана тамак-ашы менен гана камсыздайбыз. Ырчылардын келүүсүнөн дагы кынтык издеп, түрдүү талкууларды жаратып жаткан досторго айтарым, майрамга жакшы маанайда катышып, концерт көрүп кетиңиздер", - деген ал.

Орунбековдун мындай посту соцтармак колдонуучуларынын сынын ого бетер күчөткөндөй болду, коомчулукта орусиялык ырчылар акысыз келет дегенге ишенбегендер бар. Кээ бирлери ачык булактардагы маалыматтарга таянып Филипп Киркоров баштаган ырчылардын гонорар-акысын жарыялап жиберишти.


Журналист жана медиа талдоочу Миржан Балыбаев Кыргызстандын көз каранды эмес, эгемен өлкө болушун майрамдаган иш-чарага чет элдик ырчылардын чакырылышын "акылга сыйбас көрүнүш" деп эсептейт. Анын пикиринде, бул күнү Кыргызстан 33 жылда өзү таптаган, өстүргөн өнөрпоздорун, эгемен маданиятын, өзүнүн сахна жылдыздарын алып чыкканы туура болмок. Чакырылган ырчылардын репутациясы, карманган баалуулуктары дагы эске алынышы керек болчу дейт ал:

Миржан Балыбаев
Миржан Балыбаев

"Биз Эгемендик күнүн майрамдаганы жатабыз. 33 жыл мурда кимден көз каранды болбой, кимдин көзөмөлүнөн, үстөмдүгүнөн бошонуп эгемен болуп отурабыз, ошону унутпасак. Негизи эле Эгемендик күнүндө башка алдыңкы өлкөлөр санкцияга алып, чектөөгө коюп, эч ким чакырбай калган ырчыларды чакырып, мамлекеттин эң башкы майрамын белгилегенибиз уят, логикага сыйбаган нерсе деп эсептейм. Ырчылардын репутациясы өзүнчө маселе. Алардын ырчылык деңгээли, аткарган репертуарлары, карманган баалуулуктары бүт эске алынышы керек да. Биз эгемен болдукпу, өзүбүздүн эгемен маданиятыбыздын бар экенин, 33 жылда мыкты ырчыларды, шоу-бизнес, өнөрпөз, сахна жылдыздарын өстүрө алдык деп көрсөтүшүбүз керек да. Өзбекстан, Казакстан бул ырчыларды чакырат деп ойлобойм, алар буларды жылдыз деп дагы эсептебейт. Эмнеге эле биз 20-30 жыл мурдагы адатыбыздан кетпей, Москваны карап, ошолордун жылдыздарын жылдыз деп эсептейбиз?"

Жарандык активист Айбек Теңизбай өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан президент Садыр Жапаровго кайрылып, аты аталган ырчылардын сапарын токтотууга чакырды:

"Ырчылар "бекер келет" деп жазышты. Бирок бул Орусиянын ырчылары болгондуктан бекер келишпейт. Ошол өлкөнүн бийлигине тийиштүү фонд, уюмдар каржылап келиши мүмкүн. Бирок Орунбековдун айткандары чынбы, төгүнбү - мен үчүн суроо. Элдин нааразылыгы азайсын деген негизде деле айтылышы мүмкүн. Кеп анда деле эмес, булар Орусиянын баскынчыл саясатын, согушун колдогон ырчылар. Алар эгемендиктин баркын билишпейт. Ошондуктан алардын биздин ушундай маанилүү майрамыбызда келип ырдашы туура эмес деп эсептейм. Ал эми азыр айтылып жаткан нааразылык бул кыргыз коомунун эгемендик эмне экендигин түшүнгөнүнөн дагы кабар берет. Коомдун белгилүү бир катмарын угуп, эсептешкени бийликтин өзүнө деле жакшы".

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Эгемендик майрамында чет элдик ырчылардын келиши тууралуу мамлекеттик "Кабар" агенттигине жооп берип, ырчылар Кыргызстанга өздөрү демилге көтөрүп келип жатканы тууралуу буга чейин президенттик администрациянын өкүлдөрү айткан сөздү кайталаган:

Алтынбек Максутов.
Алтынбек Максутов.

"Кайсы бир чоң иш-чара болуп жатса эле аны саясатка айлантканды токтотсок дейт элем. Орусиялык ырчылар тобу өздөрү демилге көтөрүп, "сиздердин Эгемендик майрамыңыздар жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап коёлу" деп жатышса, жок, келбегиле демек белек? Азыр Фейсбук же башка соцтармакта отуруп алып, "бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз" деп аткандарга айтарым: "Бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук" деп айтпайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун. Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиш керек. Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коёлу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо, кайсыл ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле?" - деп жооп берген.

Министр ырчылардын гонорары, акысына байланыштуу маалымат берген эмес.

Economist.kg редакциясы ачык булактарга таянып, ырчылардын акысын эсептеп чыкты. Ага ылайык, 31-августтагы концерт $267.5 миң доллар же 22.8 млн сом деп бааланган. Бул сумма тууралуу расмий булактар маалымат бере элек.

Редакция мындай иш-чараларда Филипп Киркоровдун гонорары 100 миң доллар, Стас Михайловдуку 89,4 миң доллар, Амирчиктики 11 миң долларга жакын экенин жазган.


Москва Украинага басып кирип, санкциялар салынгандан бери орусиялык ырчы, артисттердин гастролдук географиясы кыйла чектелген. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстана көбүрөөк келе баштаган.

Алардын арасында согушка каршы чыгып, позициясын ачык билдиргендер, мекенинде "чет элдик агент" деп таанылгандар, же тескерисинче Кремлдин үгүт концерттерине катышып, согушту колдогондор бар.

Стас Михайлов жана Филипп Киркоров Орусия "Украинадагы атайын операция" деп атаган согушту колдоп чыкканы белгилүү.

2023-жылы август айында согушту жактаган орусиялык ырчы Григорий Лепстин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда өтөт деп мерчемделген концерттери элдин каршылыгынан улам токтотулган.

Былтыр июнь айынын башында орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн (Валеев) Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талыш-тартыш жараткан. Анын жүрүм-турумуна каршы болгондор нааразылыгын билдирип, музыкалык кароо-сынакка катышуусуна тыюу салынган.

Буга удаа орусиялык дагы бир рок-топ – "Би-2" тобунун Бишкектеги концерти болбой калган. Социалдык тармактарда топтун согушка каршы позициясын, анын лидери Егор Бортниктин (Лёва Би-2) Орусияда "чет элдик агент" деп таанылганын эске салышканы менен, уюштуруучулар – Vi project kg компаниясы концерт техникалык себептерден, казакстандык өнөктөштөр менен пикир келишпестик келип чыккандыктан өтпөй калды деп түшүндүргөн.

Орусия Украинага кол салгандан кийин кремлчил артисттердин, мисалы Лариса Долина, Полина Гагаринанын концерттери, согушту колдогон актер Сергей Глушко катышкан спектакль коомчулуктун талабы менен Казакстанда болбой калган. Муну менен катар ошол эле Филипп Киркоров 2022-жылдын күзүндө Бишкек менен катар Астана жана Алматы шаарларында концерт коюп кеткен.

Мындан кийин бир катар жарандык активисттер Бишкекте Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгып Киркоровдун Кыргызстанга келишине каршылыгын билдирип, колдоруна "Агрессордун ырчысына жол жабык!", "Биз тынчтык үчүн!" деген плакаттарды кармап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG