Жалган маалымат үчүн жазалоону сунуштаган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 27-августта коомдук талкууга койду.
Министрдин орун басары Марат Тагаев мыйзам долбоорунун максатын мындай түшүндүрдү:
“Айрымдар интернет айдыңында “бардыгы боло берет” деп ойлошот. Сөз эркиндиги - адамдын фундаменталдуу укуктарынын бири, бирок ал укук башкалардын укуктарын тепсебеши керек. Интернет жана башка платформалар аркылуу кемсинтүү, мазактоо жана жалаа жабуунун көбөйүшү коомдук адеп-ахлакка жана адамдар ортосундагы мамилелерге олуттуу коркунуч келтирет".
Тагаев маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголорун белгилеп, коомдук аң-сезимге карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелиши мүмкүн деп жазылганын эскертти.
Долбоордо интернеттеги маалыматтын чын-төгүнүн ким, кантип аныктай тургандыгы так жазылган эмес. Тагаевдин айтымында, министрликтин алдындагы Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунунун экспертизалык корутунду берүүгө укугу болот. Ал корутундуга макул болбогон жаран сотко кайрылууга укуктуу.
"Фейк маалымат кандай аныкталары түшүнүксүз"
Мыйзам долбоорун талдаган юрист Нурбек Сыдыков жазалоо чарасы катаал болуп калганын, фейк маалыматты аныктоо механизми түшүнүксүз экенин белгиледи.
“Кандайдыр бир маалыматты такталган экен деп айрым адамдар адашып жарыялап алышы мүмкүн. Эч кандай жаман максаты жок эле. Мындай учурлар көп эле болот. Жада калса мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы ар кандай маалымат таратышат. Мисалы, укук коргоо органдары адамдын кармалганын, күнөөсү боюнча далилдери бар экенин билдиришет. Алар кийин сотто акталышат. Мындай учурда дагы бул берене колдонулушу керекпи? Мында деле жалган маалымат таратып, коомду адаштырып жатышпайбы. Андыктан жалган маалымат таратылганы кантип аныкталары түшүнүксүз", - деди юрист.
Сыдыков жалган маалымат тараткандарга карата башка мыйзамдар жетиштүү экенин кошумчалады.
Фейк маалымат үчүн жазалоо демилгеси Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Париждеги Олимп оюндарындагы кыргыз спортчуларынын тамагы жөнүндө социалдык тармактардагы талкууларга байланыштуу билдирүүсүнөн кийин көтөрүлүп олтурат.
Анда Байсалов жалган маалымат жарыялагандардын жоопкерчилигин эскертип, атайын жана билбей фейк маалымат тараткандар дагы жоопкерчиликтүү болорун айткан.
Эркин пикирди тизгиндөө
Медиа серепчи Асел Сооронбаева өкмөттүн соңку демилгелерин жарандардын эркин пикир айтуу укугун чектөө деп сыпаттады. Сооронбаева буга чейинки кабыл алынган мыйзамдар эркин медиаларга каршы иштеп жатканын айтты:
“Мисалы, иликтөө чыкты дейли. Анын фигурантты колунда бийлиги бар аткаминер болсо, Маданият министрлиги көзүн карап, анын пайдасына чечим чыгарып койбойт деп ким кепилдик берет? Макул, бул мыйзам азыр журналисттерге, анан блогерлерге иштесе, кийин жөнөкөй интернет колдонуучуга жетет. Бул деген тизгиндөө. Жалган маалымат тарап, фактылар айтылып жатса, аны төгүндөсүн же тастыктасын. Коом менен диалог түзүлүшү керек”, - деди Сооронбаева.
Бул кыргыз бийлигинин интернеттеги жалган маалыматка каршы күрөшүүдөгү алгачкы сунушу эмес. Мурунку бийликтин тушунда коомчулуктун каршылыгы менен ишке ашпай калган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Бул мыйзам ишке киргенден бери “Клооп” сайты соттун чечимисиз эле Маданият министрлигинин сунушу менен бөгөттөлгөн. Ошондой эле бир нече сайт бөгөттөлүп, кайра ачылды. Бирок канча фейк баракча же маалымат аныкталганы такталбаган бойдон турат.
25-июлдан бери Маданият министрлигинин ушуга эле үндөш мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында турат. Анда интернет менен жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жапкан жана мазактагандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салуу каралган. Мындай сырткары Министрликте Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлүп жатат. Мекеме өлкөдө TikTok, Youtube жана башка социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүп, коомго зыяндуу делген контентке бөгөт коюу иштери менен алектенет. Мындан сырткары медиа экперттердин сынына кабылган Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жаңы мыйзам иштелип жатат.
Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.
Ушул тапта сот жообуна тартылган 11 журналисттин төртөө тергөө абагында жатат. Ошондой эле “Азаттык” Фейсбуктагы пикири үчүн камалган отузга жакын адамдын тизмесин тактаган.