Чоң Чүй каналынан изделип жаткан үч жашар баланын сөөгү табылды

Үч жашар баланын сөөгү табылган жер. Чоң Чүй каналы. Кант шаары. 27-август, 2024-жыл. Сүрөт Чүй ОИИБне таандык.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, наристенин сөөгү 27-августта саат 11:00 чамасында Чоң Чүй каналынын Кант шаарындагы түтүгүнөн табылган.

Учурда бардык тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Бул факт боюнча тергөө иштери уланып жатканы кабарланды.

19-августта Ысык-Ата райондук милициясына үч жаштагы наристенин дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, ыктыярчылар баланы издөөгө күн сайын чыгып жатканы, бирок натыйжасыз болуп жаткан.

Баланын ата-энеси Ысык-Ата районундагы Дружба-Достук айылынын тургундары 26-августта уулунун сөөгүн табууга көмөктөшүүнү өтүнүп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйыл алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган.

Июлдун башында Ысык-Көлдө сууга сүзүп жатып, 11 жаштагы кыз чөгүп кеткени соцтармактарга жарыяланды.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (ZKo)

Дагы караңыз

Улуттук банк чектөөлөрдөн кийин жаңы өнөктөштөр изделип жатканын билдирди Адвокат Ошто 15 жашар кызды сексуалдык кулчулукта кармагандарга чара көрүүнү суранды Павел Дуров эмне себептен кармалды? Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болдуУКМК Бишкектеги “Кум-Шагыл” заводу мамлекетке алынганын билдирди