Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

Улуттук банк чектөөлөрдөн кийин жаңы өнөктөштөр изделип жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын валюта базарында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу 27-августта Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева маалымат жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, жыл башынан бери доллардын сомго карата расмий курсу 4,35% төмөндөдү. Ошол эле учурда валюта базарындагы суроо-талапка ылайык ийкемдүү бойдон калууда. Башкы банк курстун кескин өзгөрүүсүн тескөө максатында валюталык интервенция жүргүзүп келет.

Аида Карабаева мындан тышкары батыш өлкөлөрү тарабынан салынган санкциялардан улам Түштүк Кореянын Kookmin банкы Кыргызстандагы коммерциялык банктар менен кызматташууну токтотконуна байланыштуу, банктар чет жактан жаңы өнөктөштөрдү издеп жатышканын кошумчалады. Бул жаатта Улуттук банк аларга көмөктөшүүдө.

Садыр Жапаров өткөн аптада Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, анын эки орун басары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбековду кызматтан алган. Буга акча-кредит саясатына байланыштуу жетишсиз иш-аракеттер валюта курсунун туруксуздугуна алып келгени негиз болгону айтылган.

Улуттук банк 20-августта коммерциялык банктарга Батыштын, анын ичинде Евробиримдиктин, Улуу Британиянын жана АКШнын Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) санкциялык тизмесиндеги банктар менен кызматташууну токтотууну эскерткен.

Маалыматка ылайык, коммерциялык банктарга негизинен Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) жана "НСПК" улуттук төлөм системасынын оператору менен кызматташпоо талабы коюлган. Мекеме коммерциялык банктардан эл аралык санкцияга туш келген банктар жана уюмдар менен эч кандай операция жүргүзбөөнү талап кылып, экинчи даражадагы санкцияларга илинип калбоо үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырган.

13-августта түштүк Кореялык Kookmin Bank Кыргызстандагы банктарга сентябрдан тарта доллар менен операция жүргүзүүнү токтоторун жарыялаган. Улуттук банк муну Батыштын санкцияларынан сактануу аракети менен байланыштырган.

Кыргызстанда жалпысынан 23 коммерциялык банк иштейт. Алардын өлкө боюнча 320 филиалы бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG