Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:57

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болду


Азат Козубеков.
Азат Козубеков.

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун 27-августта мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

37 жаштагы Азат Козубеков буга чейин Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Садыр Жапаров өткөн аптада Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, анын эки орун басары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбековду кызматтан алган. Буга акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер аткарылып, валюта курсунун туруксуздугуна алып келгени негиз болгону айтылган.

Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болуп эки ай мурда - 26-июнда келген. Ага чейин 2023-жылдан тарта жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген. 42 жаштагы Мелис Тургунбаев - экономика илимдеринин доктору.

Ага быйыл апрелде да жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп турган кезинде “өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн” сөгүш берилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG