Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:50

УКМК Бишкектеги “Кум-Шагыл” заводу мамлекетке алынганын билдирди


“Кум-Шагыл” заводу.
“Кум-Шагыл” заводу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы “Кум-Шагыл” заводу жана ага жанаша жайгашкан 16,05 гектар жана 1,2 гектар стратегиялык маанидеги объекттер мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөөдө сөз болуп жаткан стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен 2004-жылы “Кум-Шагыл” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталган. Жыйынтыгында 1 млрд 953 млн сомго бааланган 17,7 гектар жер мамлекетке алынган.

“20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке адамдарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекетке дээрлик эч нерсе берген эмес. Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланды”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК издөө жарыяланган адамдын аты-жөнүн жарыялаган жок.

Бишкектин 12-кичирайонундагы кум-шагыл чыккан карьер советтик доордо 1968-жылы ачылып, Аламүдүн кум кени деп аталган.

1985-жылы Бишкек шаардык кеңеши (ал маалда Фрунзе) бул ишкана “шаардын абасын булгаган негизги булак” экенин белгилеп, турак үйлөр жана эс алуу зоналары жайгашкан жерде андай объект болбошу керек деген негизде жапкан.

Карьерди казуу иштерин 1999-жылы Бишкектеги курулуш материалдарын чыгарган “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому кайра жандандырган. Ошол кезде жылына он миңдеген тонна кум, шагыл, бетон жана башка материалдар тездик менен кеңейип бараткан Кыргызстандын баш калаасындагы курулушту камсыздап турган.

“Кум-Шагылдын” лицензиясы 2025-жылга чейин жарактуу болчу. Бирок быйыл февралда Бишкек мэриясы жана президенттин администрация жетекчиси күч түзүмдөрүнүн колдоосу менен карьерди жаап, заводдун ишин токтоткон.

16 гектар жерге “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому “кызыл китеп” алып, асфальт-бетон заводу иштеп турган. Быйыл январь жана февраль айларында “Кум-Шагылдын” жумушчулары бир нече күн нааразылык иш-чараларын уюштуруп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Бирок бир айга жетпей Бишкек мэриясынын жана президенттин иш башкармалыгынын көзөмөлү алдында карьер кайра ачылып, заводдун иши жанданган. Алар өкмөттүн сырттан башкаруу киргизүү тууралуу токтомунун негизинде тилкени өз карамагына алган.

Буга чейин “Клооп” басылмасы да 12-кичирайондогу карьер жана “Кум-Шагыл” заводу тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG