Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:50

Адвокат Ошто 15 жашар кызды сексуалдык кулчулукта кармагандарга чара көрүүнү суранды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адвокат Жахангир Сайфуллаев Ош шаарында 15 жаштагы кызды мажбурлап сойкулукка иштетип, кулчулукта кармаган адамдарга карата чара көрүүнү суранып акыйкатчыга кайрылды.

Жактоочунун маалыматына караганда, кызды түрдүү шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, "башка бирөөгө айтсан өлтүрөбүз" деп коркутуп, кулчулукта кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, Интернетке таркатып жиберишкен.

"Ошону менен катары алар жаш кызды бир ай бою интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү жаш кыздын кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан. Кыз бүгүнкү күнү өмүрүнөн кооптонуп жатат", - деп билдирген ал.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин кыздын укугун коргоого жана тез арада чара көрүүгө чакырды.

Мекеме жабырлануучуга укуктук жардам көрсөтүлгөнүн, ал узак мөөнөттүү реабилитацияга муктаж экенин билдирди.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG