Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Павел Дуров эмне себептен кармалды?


Павел Дуров
Павел Дуров

Телеграм мессенжеринин түптөөчүсү Павел Дуровдун Париж аэропортунда кармалышы Францияга караганда Орусияда байма-бай талкууланып, Батышка каршы пропаганданын жаңы толкунун пайда кылды. Дүйшөмбүдө сот анын камактагы мөөнөтүн дагы 48 саатка узартканын AFP агенттиги кабарлады.

Үч жыл мурун француз жарандыгын алган Дуров көз боемочулук, маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, киберкоркунуч өңдүү мыйзам бузуулар тууралуу иштин алкагында кармалды. Телеграм компаниясы айыптоолорду четке кагып, платформаны кыянат пайдалануу үчүн анын ээсине доомат артуу "акылга сыйбайт" деп билдирди.

26-августта президент Эммануэл Макрон француз өкмөтүнүн Дуровдун камалышына тиешеси жок, ал саясий эмес, соттун чечими болгонун билдирди.

24-августта франциялык маалымат каражаттары Павел Дуров менчик учак менен Азербайжандан келгенде "Ле Бурже" аэропортунда кармалганы тууралуу маалымат таратакан. Журналисттердин маалыматы боюнча аны камоо ордери ыктымал көз боемочулук, маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, уюшкан кылмыштуулук, терроризмди пропагандалоо, кибер коркунуч жаратуу ишин кароо алкагында берилген. Прокуратура миллиардер Телеграмды тескөөдөн жана тартип коргоо органдары менен кызматташуудан баш тарткан, платформасын мыйзамсыз иштер үчүн пайдаланууга бөгөт коюу чарасын көргөн эмес деп эсептейт.

AFP агенттиги булактарына таянып, ордерди Франциянын Жашы жетелектерге карата жасалган кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгы бергенин жазды.

TF1 телеканалынын маалыматына ылайык, ошол ордер ишкер француз чек арасынан өтөрү менен күчкө кирди. Айыптуу деп табылса, ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Франциянын прокуратурасы анын ишине байланыштуу эч кандай расмий комментарий бере элек.

Телеграм өз кезегинде билдирүү жасап, башкы директордун жашыра турган эч нерсеси жок экенин, ал Евробиримдиктин бардык мыйзамдарын сактаганын жазды.

“Платформа же анын ээси ошол аянтчаны кыянат пайдалангандар үчүн жооп берет деген доомат акылга сыйбайт”, - деп билдирди Телеграм.

Бул электрондук кат алышуу кызматын дээрлик бир миллиарддай киши колдонот.

Орусиянын күч түзүмдөрүнө жакын Baza Телеграм каналы дүйшөмбү күнү маалымдагандай, президенттик администрациянын жана өкмөттүн, айрым мекемелердин кызматкерлерине кат алышууларын Телеграмдан өчүрүү көрсөтмөсү берилди. Андан тышкары Коргоо министрлигиндеги жогорку адамдарга жана чоң бизнесмендерге да ошондой буйрук түшкөнү айтылды.

Ошол эле маалда Орусияда Телеграм бөгөттөлүшү мүмкүн деген имиштер буга чейин көп айтылып келди.

Дуров 2021-жылы Франциянын жарандыгын алган. Акыркы мезгилде компаниясынын баш кеңсеси жайгашкан Бириккен Араб Эмирлигинде жашачу. Орусиядан мындан 10 чакты жыл мурун кеткен.

Айрым булактар ал Азербайжанда орус президенти Владимир Путин менен жолугушууга аракет кылганын маалымдашууда.

Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, Москва консулдун Дуров менен кездешүүсүн талап кылган нота жөнөттү. Бирок Франция аны өз жараны деп эсептейт.

Орусияда Кремлге ыктап, жактагандар француз бийлигинин аракетин бир добуштан айыптап, Батышка каршы пропаганданы күч алдырып жатышат.

Бир катар расмий адамдар Дуровдун кармалышын сынга алды. Алар Парижди жана Батыштын башка өлкөлөрүн цензурага, кош стандарт, русофобияга айыптап жатышат.

Орусиялык сенатор Алексей Пушков Францияны “либералдуу диктатура” деп атады.

Дагы бир мыйзам чыгаруучу Мария Бутина ишкерди кармоо менен Батыш Телеграмды өз көзөмөлүнө алууну көздөйт деген пикирде:

Алар Дуровду барымтага алышты да. Эми Орусияны опуза кыла башташат. Телеграмдын бардык колдонуучуларын опуза кылышат. Эми көзөмөлдү өз колуна албастан, балким аны Орусияда бөгөттөөгө аракет көрүшөт”.

Орусиянын мурдагы президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев ишкерге көйгөйгө туш болушу мүмкүн экенин эскерткенин жазды:

“Биздин жалпы душмандарыбыз үчүн ал – орус, андыктан кооптуу, эмне кылып жиберерин алдын ала айта алышпайт. Анын каны башка, ал Маск же Цукерберг эмес экени анык”.

Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүндүн ээси Илон Маск Дуровду колдоп, Еврошаркетти "сөз эркиндигин бузуп жатат" деп айыптады.

АКШнын атайын кызматтарынын купуя маалыматтарын ачыкка чыгарып жиберип, кийин орус жарандыгын алган Эдвард Сноуден “жеке кат жазышууларды окуп туруу үчүн барымтага алууга чейин барды” деп Макронду айыптады.

Cанкт-Петербургдагы үйдүн короосунда тартылган Павел Дуровдун сүрөтү
Cанкт-Петербургдагы үйдүн короосунда тартылган Павел Дуровдун сүрөтү

Экинчи жагынан Дуровдун камакка алынышы орусиялык аскерлердин бири-бири менен байланышып турушуна залакасын тийгизет деген коркунуч жок эмес. Маалыматтарга караганда, алар акыркы айларда жалаң ушул месенжер менен жазышып турчу.

“Согуш тууралуу Орусиянын “чындыгын” жазган бардык анонимдүү жана жарым-жартылай анонимдүү каналдардын ишмердиги Телеграмда жүрөт. Расмий пропаганда аларды толугу менен көзөмөлдөбөйт. Атүгүл Телеграм – орус армиясынын негизги байланыш платформасы. Жөн гана жаңылыктардын булагы эмес, согуштук аракеттер талкууланган заманбап рацияга айланган десек болчудай”, - деп айтты "Новая газета. Европа" басылмасынын башкы редактору Кирилл Мартынов «Настоящее время» телеканалына.

Башкалары Дуровдун кармалышы Франциядагы сөз эркиндигин чектебей турганын айтып, кылмыштуулук менен күрөшүүнү көздөгөнүнө басым жасашат.

Белгилүү иликтөөчү-журналист Христо Грозев Телеграм-каналдардан алынган кээ бир скриншотторду жарыялап, алар тартип коргоочулардын суроолорун жаратышы мүмкүн деп жазды:

“(Дуровдун) сөз эркиндигинин пайдасына ФСБ менен кызматташпай коюп, ошол эле маалда Телеграмды жаман иштер үчүн колдонууга бөгөт коюуну көздөгөндөр менен да кызматташкан жок. Бул анын тандоосу. Сен бир ишти кылып, экинчисин кылбай койсоң болобу?»

“Орусиялык Марк Цукерберг” деген атка конгон 39 жаштагы Дуровдун байлыгы, Форбс журналынын эсебинде, 15,5 млрд доллларга жетет. Быйыл апрелде ишкер айрым өкмөттөр ага кысым көрсөтүүгө аракет кылганын, бирок тиркемеси “геосаясаттагы оюнчу эмес”, бейтарап платформа бойдон каларын айткан.

Телеграм-каналдар Павел Дуров быйыл июнда достору менен Бишкекке келип, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки вертолетун миллион рублга ижарага алышып, сүйлөшкөн кызы Юлия Вавилова жана досу, блогер Гусейн Гасанов менен кыдырып чыкканын жазып чыгышты.

SHOT жарыялаган маалыматта үч саатка созулган саякат жашыруун болгонун жана туристтердин биринин ысымын айтууга тыюу салынганы айтылган.

XS
SM
MD
LG