Жазуучу Султан Раевдин чыгармалары өзбек тилине которулду

Султан Раевдин "Тандалган чыгармалар" китеби өзбек тилинде жарык көрдү. Ташкент. 25-август, 2024-жыл.

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раевдин "Тандалма чыгармалар" аттуу китеби өзбек тилинде жарык көрүп, Ташкент шаарында бет ачары болду.

Бул тууралуу жазуучу "Азаттыкка" билдирди.

Анын маалыматына караганда, китеп таанытуу аземине Өзбекстандын көркөм интеллигенциясы, акын-жазуучулар жана адабиятчылар катышты. Арасында китепке баш сөзүн жазган белгилүү жазуучу, Өзбекстан президентинин кеңешчиси Хайриддин Султан, Өзбекстан жазуучулар союзунун төрагасы Сирожиддин Соидов, Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигинин президенти, белгилүү казак акыны Улугбек Есдаулет, академик, адабиятчы Акмол Саидов, котормочулар жана башкалар чыгып сүйлөдү.

Жыйнакка Раевдин “Топон” романы, “Күн кармаган бала” повести менен катар ондон ашуун аңгемелери, драмалары кирген.

Жазуучунун “Маң”, “Илегилек” , “Ханышанын көз жашы” ж.б. пьесалары буга чейин эле өзбекчеге которулуп, Өзбекстандын драма театрларында коюлуп келет.

Султан Раев 1958-жылы Кара-Суу районунун Жоош айылында туулган. Көптөгөн чыгармалардын автору. Анын "Топон суу" деп аталган романы Швециядагы эл аралык адабий сынакта баш байгени утуп алган.

Жазуучунун "Канышанын көз жашы" аттуу драмасы 2016-жылы Лондондогу The Spacе театрында коюлган. Бир катар чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулган. (ZKo)

Дагы караңыз

Болгарияда убактылуу өкмөт түзүлдү Иран эскалациядан коркпой турганын, бирок аны каалабастыгын билдирдиПакистанда куралдуу кол салуудан 23 кишинин өмүрү кыйылдыМинистрлик бюджеттеги бош турган 5 млрд сомду банктарда кармоону көздөп жатат Ишкерлер УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө шек саналып кармалдыКыргызстанда мектептерде 17 миллиондон ашык окуу китеби жетишпейт