Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Министрлик бюджеттеги бош турган 5 млрд сомду банктарда кармоону көздөп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлиги мамлекеттик бюджеттеги убактылуу бош турган каражаттарды Кыргызстандагы коммерциялык банктарга жайгаштырууну көздөөдө. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, бош каражаттарды жайгаштыруу боюнча сунуштарды Финансы министрлигинин конкурстук комиссиясы карайт.

"Жайгаштырууга каралган акчанын жалпы көлөмү 5,0 млрд.сом, 12 лотко бөлүнгөн, мөөнөтү 4 айга, (2024-жылдын 25-декабрына чейин). Лоттун башында 100 млн сом менен башталып, ай сайын 50 млн сомдон кошулуп отурат. 9-лоттон тарта айына 100 млн сомдон кошулуп, 11-лотто 700 млн берилген соң, 12-лотто 1 млрд сом коюлат. Депозиттик жылдык ставкасы 3,3%", - деп жазылган анда.

Каражаттар жайгаштырылуучу коммерциялык банктарды тандоо сынагына сунуштар 29-сентябрь, саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Мекеменин маалыматына караганда, бул Министрлер Кабинетинин 2022-жыл, 11-марттагы №135 "Бюджеттин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарда жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык ишке ашырылат.

Министрликтин сайтында бюджеттеги бош каражаттарды буга чейин коммерциялык банктарга жайгаштыруудан алынган пайда тууралуу маалымат жок.

Буга чейин Социалдык фонддогу пенсиянын топтомо бөлүгү коммерциялык банктарга депозит катары салынары тууралуу маалымат Жогорку Кеңеште кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG