Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Ишкерлер УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө шек саналып кармалды


Пара берүүгө шектүүлөрдү кармоо учуру.
Пара берүүгө шектүүлөрдү кармоо учуру.

Атайын кызмат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине 100 миӊ доллар пара берүүгө аракет кылган деген шек менен тоо-кен тармагындагы ишканалардын ээлери (М.В.И. жана Э.Д.Н.) кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен кендерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Бул факты боюнча буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.

23-августта “П.А.Т.” жоопкерчилиги чектелген коомунун ээлери (М.В.И. жана Э.Д.Н.) ал кылмыш ишин токтотуу үчүн паранын бир бөлүгүн - 50 миӊ долларды УКМКнын кызматкерине берип жатканда кармалган. Алардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Шектүүлөр Талас шаардык сотунун чечими менен Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айга киргизилди. Бул коррупциялык схемага тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК 23-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматынын жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башчысы (К.Р.К.) жана “П.А.Т.” ишканасынын мурдагы жетекчиси (К.А.Ж.) кармалып, Талас шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын кабарлаган.

Атайын кызмат министрликтин лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын чечими менен алтындын 10 тоннадан ашык запасы бар жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия жокко чыгарылып, мамлекетке кайтарылганын кошумчалаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG