Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

Иран эскалациядан коркпой турганын, бирок аны каалабастыгын билдирди


Аббас Аракчи.
Аббас Аракчи.

Иран Израил менен мамилесинде чыңалуу жаралышынан коркпой турганын, ошол эле учурда андай абалдын түзүлүшүн каалабай турганын Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдирди. Бул тууралуу 26-августта “Фарда” радиосу жазды.

Арагчи жекшемби күнү Италиянын башкы дипломаты Антонио Таяни менен телефондон сүйлөшкөнү тууралуу X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter): "Израилдин Тегерандагы террордук чабуулуна Иран кандай реакция кылганы анык белгилүү. Ал жетиштүү ойлонулган жана так эсеп-чот менен жасалган. Биз эскалациядан коркпойбуз, бирок, Израилден айырмаланып, ага умтулбайбыз”, - деп жазды.

Өз кезегинде Таяни сабырдуулукка жана маселени конструктивдүү жол менен чечүүгө чакырды.

Жекшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобу Израилге ракеталык жана дрон чабуулун жасоого аракет кылганын, ошондуктан армияга аларга каршы алдын алуу соккусун уруу тапшырмасы берилгенин айткан жана "муну менен эле бүтүп калбайт" деп белгилеген.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG