Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Пакистанда куралдуу кол салуудан 23 кишинин өмүрү кыйылды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Пакистанда куралчан адамдардын кол салуусунан автобуста кетип бараткан 23 жүргүнчү каза тапканын 26-августта «Машаал» радиосу кабарлады. Окуя эртең менен өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан провинциясынын Мусакхайл районунда болгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымында, согушкерлер жолду тороп, автобусту токтотуп, ичиндеги жүргүнчүлөрдү сыртка чыгарып, документин текшергенден кийин 23 эркек кишини атып өлтүрүшкөн.

Каза болгондордун көбү Пенжаб провинциясынын, ал эми экөө Белужистандын пуштундар отурукташкан аймагынын тургундары экенин «Машаалдын» кабарчысы маалымдады.

Кол салуу болгон жерде бир нече автомашина өрттөлгөнү, куралчан топ изин жашырып кетүүгө үлгүргөнү кабарланууда.

Эч бир топ бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Өзүн «Белужистанды куткаруу армиясы» деп атаган топ гана аталган провинциядагы негизги жолдордун баарын көзөмөлдөй турганы жөнүндө билдирүү таратты. (RK)

XS
SM
MD
LG