Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Болгарияда убактылуу өкмөт түзүлдү


Румен Радев (оңдо) жана Димитар Главчев.
Румен Радев (оңдо) жана Димитар Главчев.

Болгарияда президент Румен Радев премьер-министрдин милдетин аткаруучу Димитар Главчев сунуш кылган министрлер кабинетин кабыл алууга макул болду. 26-августта ал убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн тизмесин кабыл алып, парламенттик шайлоону 27-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 27-августта кол коёрун айтты.

Ошентип, Европадагы жакыр жана коррупциялашкан өлкөлөрдүн бири Болгарияда убактылуу өкмөт түзүлүп, үч жылдан берки жетинчи шайлоо өнөктүгүнө жол ачылууда.

Главчев өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп быйыл март айында дайындалган. Коалициялык өкмөт түзүү аракети үч жолу көрүлүп, майнап чыккан эмес.

Буга чейин Болгариянын Конституциясына президенттин техникалык өкмөттү дайындоо мүмкүнчүлүгүн чектеген өзгөртүүлөр киргизилген. Тактап айтканда, премьер-министрликке талапкер катары Болгариянын Элдик банкынан, Эсеп палатасынын жетекчилери, парламент спикери, акыйкатчы жана анын орун басары - ушулардын бири сунуш кылынат. Мунун айынан тандоо бир топ татаалдашып, саясий кризистин жаралышына өбөлгө түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG