Эл артисти Акан Нуртазин сот жообуна тартылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-августта Эл артисти, балетмейстер Акан Нуртазинге бир жылдык жаза берип, бирок амнистия колдонуп абакка кескен жок. Бул тууралуу Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенти билдирди.

Маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы да ырастады.

Жабырлануучу студенттин маалыматына караганда, Акан Нуртазин 2023-жылдын 15-майында аны сабаган. Бул факты Биринчи май райондук милициясында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сот Акан Нуртазинди коюлган кине боюнча айыптуу деп таап, бир жыл жаза берген. Анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы соттун чечими күчүнө киргенден кийин күчүн жоготту деп табылат.

61 жаштагы Акан Нуртазин Кыргызстандын эл артисти. 1982-жылы Москва академиялык хореографиялык окуу жайын аяктаган. Буга чейин Улуттук опера-балет театрынын башкы балетмейстери болуп иштеген. Ал соттун чечими тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Сот Райымбек Матраимовду 26-октябрга чейин камакта калтырдыTelegram Павел Дуровдун кармалышы боюнча билдирүү тараттыКөмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилетБалбан Өмүрбек Асан уулу уландар арасында Дүйнө чемпиону болду (U17)Нетаньяху Израилдин "Хезболлага" каршы соккулары уланарын ишарат кылдыРоза Отунбаева талиб өкмөтүнүн талаштуу мыйзамына тынчсызданды