Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:13

Telegram Павел Дуровдун кармалышы боюнча билдирүү таратты


Павел Дуров.
Павел Дуров.

Telegram мессенжеринин жамааты Павел Дуровдун кармалышы боюнча биринчи жолу билдирүү кылды. Анда компаниянын директору Павел Дуровдун жашыра турган эч нерсеси жок экени, ал Европада көп саякаттай турганы жана Telegram Евробиримдиктин мыйзамдарын, анын ичинде санариптик кызмат көрсөтүү боюнча мыйзамдарды сактап келгени айтылат.

24-августтун кечинде француз телеканалдары TF1 LCI жана BFM TV Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Азербайжандан бизнес-жет менен учуп келген учурда кармалганын кабарлаган. TF1 укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Дуров мессенжердин негиздөөчүсү катары маңзат аткезчилигине, балдарга каршы кылмыштарга жана алдамчылыкка салым кошууга шек саналып жаткан болушу ыктымалдыгын жазган.

Орусияда төрөлүп-өсүп, бирок бул өлкөдөн 10 жыл мурда чыгып кеткен Павел Дуров 2021-жылы Франциянын жарандыгын алган. Ушул тапта БАЭде жашайт.

ВКонтакте социалдык тармагын түзгөн Дуров Telegram мессенжерин 2013-жылы иштеп чыккан. Ал популярдуулугу боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Мессенжердин серверлери жабык коддорду колдонот, АКШ, Нидерланд жана Сингапурда иштейт. Дуров июль айында каналдын 950 млн активдүү колдонуучулары бар экенин айткан. 2017-жылы Forbes журналы аны орусиялык 200 миллиарддердин катарына кошкон жана байлыгын 1,7 миллиард доллар деп баалаган.

Дуров Telegram эч бир мамлекетке көз каранды эмес, эркин чөйрө бойдон калышы керектигин айткан. Ал орусиялык же башка атайын кызматтар менен байланышы бар деген шектенүүлөрдү четке кагат. Ошол эле учурда Telegram мамлекеттик органдардын талабы боюнча мыйзамсыз мазмунду өчүрүүгө даяр экенин баса белгилейт.

2018-жылдын апрель айынан 2020-жылдын июнь айына чейин “Роскомнадзор” соттун чечими менен Орусияда Telegram мессенжерин Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) каттарды окуй турган кодду бербегени үчүн тыюуга аракет кылган.

Орусиянын “Роскомнадзор” көзөмөл мекемеси 2023-жылы январда Telegram мессенжерин “чет элдик агент” деп таанып, банктык кызматтарды ишке ашырууга тыюу салган. (BTo)

XS
SM
MD
LG