Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилет


Бишкекте көмүр саткан жайлардын бири.
Бишкекте көмүр саткан жайлардын бири.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда 15-сентябрдан тартып көмүрдүн баасына үч айлык мөөнөткө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилерин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 90 күнгө көмүрдүн эң жогорку баасы коюлуп буйруктун аткарылышын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт.

Кара отундун баасын жөнгө салыш үчүн ушундай эле мамлекеттик көзөмөл 2023-жылдын 25-октябрында да киргизилген.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө жылытуу мезгилинде калк 1 млн тоннадан көп көмүр керектейт. Жыл сайын күз-кыш мезгилинде көмүр сатыла турган базалар ачылат. Адамдар өзгөчө кышында кара отундун баасы кымбаттап кетерин айтып, арызданышат.

Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG