Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишин кароо 30-августка калды

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.

23-августта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны уланып, кайра жылып кетти. Буга айыпталуучулардын экөө Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменов мамлекеттик жактоочу сураганы негиз болду.

Шаардык соттогу отурумдар 6-августта башталган. Ал күнү Бекназаров менен Шаменов келбей калганы үчүн жылып кеткен. Кийинки соттук отурум 30-августка белгиленди.

Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды прокуратура 12-июлда өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаган.

Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышева айыпталуучуларга карата райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү сураган. Мурунку апелляциялык арызда алар Биринчи май райондук сотуна кайрадан башка курамда кароого жиберүүнү өтүнүшкөн.

14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Акталган саясатчылар соттун актоо өкүмү алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 15-июнда Кемпир-Абад иши боюнча соттун чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Иш боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын 22сине актоо өкүмү чыккан. Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан, саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Сот жабык өттү. (AiB/ErN)

Дагы караңыз

Газа: Израилдин аба соккуларынан 16 кишинин өмүрү кыйылдыУлуттук банк тиркемелер аркылуу акча которуу үчүн акы алууга тыюу салууну сунуштадыКамала Харрис демократтардын атынан АКШ президенттигине расмий талапкер болдуКыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдүМадумаровдун ордуна Аккулу Бердиев депутат болдуКыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары кызматташтыкты сүйлөштүШвейцария валютасын Кыргызстандан Орусияга мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган адам кармалды