Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Газа: Израилдин аба соккуларынан 16 кишинин өмүрү кыйылды


Качкындар жайгашкан мектептин имаратына урулган израил аба соккусунан жабыркаган палестиндер. 20-август, 2024-жыл. Газа тилкеси.
Качкындар жайгашкан мектептин имаратына урулган израил аба соккусунан жабыркаган палестиндер. 20-август, 2024-жыл. Газа тилкеси.

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 23-августка караган түнү жасалган израил армиясынын аба соккуларынан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылды. Аль-Акса ооруканасына түшкөн сөөктөрдүн арасында үч баланыкы да бар экенин Associated Press агенттигинин журналисти өз көзү менен көргөнүн кабарлады.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган) уюмунун 7-октябрдагы чабуулуна жооп катары башталган израил армиясынын операциясы Газада он айдан бери 40 миңдей палестиндин өмүрүн алды. Бул сандарды ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы келтирүүдө. Набыт болгондордун канчасы согушкер, канчасы карапайым тургун экени белгисиз.

Хамасчылар Израилге кирип барганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып кеткени кабарланган. Азыр Газада 110 киши жоочулардын колунда кармалып турат.

АКШ, Катар жана Египет ок атышууну токтотуп, туткундарды бошотуу үчүн тараптарды макулдашууга келтирүү үчүн бир нече айдан бери аракет кылып келишет. Азырынча натыйжа чыга элек.

XS
SM
MD
LG