Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:22

Камала Харрис демократтардын атынан АКШ президенттигине расмий талапкер болду


АКШ президенттигине демократтардын атынан талапкер Камала Харрис. 22-август, 2024-жыл. Чикаго.
АКШ президенттигине демократтардын атынан талапкер Камала Харрис. 22-август, 2024-жыл. Чикаго.

Демократиялык партиянын Улуттук курултайында сүйлөгөн тарыхый сөзүндө АКШнын вице-президенти, ноябрда өтүүчү президенттик шайлоого расмий аттанган Камала Харрис Украинанын аскердик жактан колдоого жана НАТОну бекемделишине салым кошууга убада берди.

"Президент катары мен Украинанын жана НАТО боюнча өнөктөштөрүбүздүн тарабында бекем турам",-деди Харрис 22-августтагы 40 мүнөткө созулган сөзүндө.

59 жаштагы Камала Харрис өз атаандашы, Республикачыл партиядан президенттике ат салышып жаткан Дональд Трампты авторитардык лидерлерге кошоматтанганы үчүн кескин сынга алды. Харрис АКШ президенттигине ат салышып жаткан биринчи теги түштүк азиялык аял. Ал шайлоодо жеңсе бул державанын башына келген биринчи аял президент болуп калат. Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган) уюмунун ортосундагы согушту айтып жатып, ал Газада он миңдеген адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжалды токтотууга аракеттенерин убада кылды.

Демократтардын төрт күнгө созулган Улуттук курултайынын биринчи күнүндө президент Жо Байден чыгып сүйлөп, дагы бир жолу Харриске колдоосун билдирген.

Туура бир ай мурун Байден жарыштан чыкканын, вице-президентин талапкер катары колдоорун жарыялаган. Соңку сурамжылоолорго ылайык, демократтардын талапкери Трамптан озуп чыкты. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG