Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Швейцария валютасын Кыргызстандан Орусияга мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган адам кармалды


Кармалган адам жана ал ташып бараткан Швейцария франкы. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган адам жана ал ташып бараткан Швейцария франкы. УКМК тараткан сүрөт.

“Ош” эл аралык аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 99 700 Швейцария франкын Кыргызстандан Орусияга мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган Х.А.А. аттуу 25 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Улуттук банктын расмий курсуна ылайык, 1 Швейцария франкынын кыргыз сомуна карата курсу ушул күндөрү 98,65 сомду түзөт. 99 700 франк 9 миллион 835 405 сом болот.

Факты боюнча материалдарды УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы электрондук маалымат журналына каттап, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 “Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык атайын чечим кабыл алынганга чейин Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG