Улуттук банк тиркемелер аркылуу акча которуу үчүн акы алууга тыюу салууну сунуштады

Улуттук банк

Улуттук банк коммерциялык банктарга интернет-банкинг жана мобилдик тиркемелер аркылуу акча которуу үчүн комиссиялык акы алууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу токтом долбоору Улуттук банктын сайтына жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланды.

Документтин негиздемесинде жазылгандай, бул аракет накталай эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну максат кылат.

Мекеме түшүндүргөндөй, Министрлер кабинети жана Улуттук банк Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү иштерин күчөткөн. Анын алкагындагы аракеттерге карабай накталай эмес акча жүгүртүүнүн деңгээли төмөн бойдон калып келет.

Улуттук банктын маалыматтарына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанда жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн 45,12% накталай эмес формада жүрсө, 2024-жылдын башында 53,46%га араң жеткен.

Буга интернет-банкинг жана мобилдик тиркемелер аркылуу акча которуунун акысынын жогору экендиги да себеп болуп келет. Улуттук банк мисал катары “Элкарт” картасын колдонуу менен өлкө ичинде банктар ортосунда которуулар 150 сомго чейин, VISA картасы менен которуулар 250 сомго чейин экенин билдирет.

Коммуналдык төлөмдөр, салык, патент жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча которуулардын акысы 5 сомдон 20 сомго чейин. Айрым акча которууларда 1000 сом үчүн 2 сомдук акы бар.

Кыргызстанда учурда 21 коммерциялык банк иштейт. Алардын өлкө боюнча 320 филиалы бар.

2024-жылдын алты айында банктар 14 млрд 158,8 млн сом таза пайда тапкан. 2023-жылы бул мөөнөттө алардын таза пайдасы 12 млрд сомдон аз-маз ашкан. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдүМадумаровдун ордуна Аккулу Бердиев депутат болдуКыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары кызматташтыкты сүйлөштүШвейцария валютасын Кыргызстандан Орусияга мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган адам кармалдыЖалал-Абадда өспүрүмдү сабаган аял кармалдыБишкекте балдардын диний лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлдуТаласта Олимпиадага катышкан спортчулар сыйландыЗындан көлү ташыган аймакта абал турукташып, жашоочулар өз үйлөрүнө кайтышты