20-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен Бишкекте жолукту. Анда кыргыз-кытай чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ал тилке аркылуу өтчү “Барскоон-Үч-Турпан-Аксу” унаа жолунун курулушу тууралуу кенен сүйлөшүү жүрдү.
Өкмөттүн маалыматында “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттарды түзүү аркылуу быйыл сентябрда ачып, иштете башташары айтылат. Ушул маалга чейин “Беделде” көпүрөнүн курулушу бүткөрүлгөн. Ал эми эл аралык стандарттарга жооп берген толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары эки өлкө биргелешип ишке ашырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Барскоон - Үч - Турпан - Аксу автоунаа жолунун курулушунун техникалык - экономикалык негиздемесин даярдап жатат.
Мекеменин басма сөз катчысы Кишимжан Сариева мындай маалымат берди.
“Кара - Сай постунан №6 чек ара мамысына чейинки узундугу 58 чакырымды түзгөн "Барскоон-Бедел өткөрмө пункту – Үч-Турпан-Аксу унаа жолунун курулушу» долбоорунун алкагында чек арачылардын өтүүсүн камсыз кылуу үчүн технологиялык жолду куруу боюнча орточо оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Аталган объектте башкы подрядчы катары №1 Жол куруу башкармалыгы иштеп жатат жана 4 субподрядчы иш алып барууда. Бүгүнкү күндө 27 чакырымга шагыл жол салуу иштери аяктап, жер жумуштары аткарылып, каттам берилди. Мындан тышкары, Ашуусу ашуусунда имерилиш жолдор салынып, жер жумуштары жасалып жатат. Анын узундугу 11 чакырым. Долбоор боюнча 16 темир көпүрө салуу иштери пландаштырылган. Көпүрөлөр үчүн темир бетон материалдары камдалып жатат. Аталган жолдун жалпы 58 чакырым аралыгына шагыл жол салуу иштери жүрүүдө”.
Кыргыз-кытай чек арасына жаңы жол куруу жана өткөрмө бекет ачуу 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл май айында кытай тараптын тийиштүү кызматкерлери менен өткөрмө бекеттин инфраструктурасын куруу боюнча биргелешкен техникалык маселелерди иштеп чыгууну талкуулап келген.
Өткөрмө бекетти ачуу тууралуу эки тараптын 12-июнда кол койгон келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 24-июндагы жыйынында карап, колдоп берген.
Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде төмөндөгүлөрдү айткан:
“Буга чейинки жол жүк ташууга ыңгайсыз болгондуктан чоң чыгымдарды талап кылат экен. Азыр ошол маселелер каралып, даярдыктар көрүлүп жатат. Сентябрь айында, жок дегенде, жеке жарандар менен жеңил автоунааларды өткөргөн деңгээлге жеткирели деп жатабыз. Азыркы күндө оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө эки тараптын тең даярдыгы жок болуп калат. Оптимисттик пландарга ылайык, ал жерге 2027-жылга ЕАЭБдин талабына жооп берген көзөмөл өткөрмө пункту курулат. Ага чейин көпүрөлөр, жолдор жана тоннель да курулуш керек экен. Чыгымдар каралып, инфраструктура курулгандан кийин жүк ташуучу унаалар өтөт”.
Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык алакасы соңку жылдары кескин өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, соода жүгүртүү 2022-жылы 4,1 млрд доллар болсо, 2023-жылы 5,4 млрд долларга жеткен.
Ошондой эле Кыргызстан менен Кытай акыркы жылдары саясий - экономикалык кызматташтыгын да күчөтүүдө.
Экономист Эркин Абдразаков Барскоон-Үч-Турпан-Аксу автоунаа жолу ишке кирсе, Кытай менен Кыргызстандын соода байланыштарына жаңы дем берет деген ойдо:
“Кыргыз-кытай чек арасына “Бедел” бажы өткөрмө пунктун ачуу тууралуу мамлекеттик деңгээлде кол коюлган. Биз Кытай менен соода алакабызды жакшыртышыбыз керек. Унаа жолдор канчалык көп болсо, ошончолук карым - катнаш көбөйөт. Кыргызстан Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө реэкспорт кылган транзиттик өлкөгө айланышыбызга коңшу мамлекеттер да кызыкдар болуп жатпайбы. Бул Кытайдын өзүнө да пайдалуу. Бирок ошол эле учурда экологиялык маселелер да көңүл сыртында калбашы керек. Анткени “Бедел” ашуусу Кыргызстандын курорттук зоналарын аралап өтөт”.
Кытай менен Кыргызстандын ортосунда учурда эки автожол – Ош облусундагы Эркечтам ашуусу жана Нарын облусундагы Торугарт ашуусу аркылуу кирген жолдор бар.
Эл аралык логистика боюнча адис Айбек Сарыгул буларга токтолду.
“Быйыл май айында Кашкардан эл аралык жүк ташуучулар уюмунун өкүлдөрү менен жолуктум. Ал жерде “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун салынышы тууралуу сөз болду. Темир жол Торугарт аркылуу автожолду бойлоп өтүшү керек экен. Ошондуктан Кытайдын Аксусунан Бедел ашуусу аркылуу кошумча жол ачуу пландалып жаткан экен. Бул жол ачылса Кытайдан товар ташыган автоунаалардын жолу 1000 чакырымга чейин кыскарышы мүмкүн”.
2024-жылдын 6-июнунда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон. Курулуш быйыл октябрда башталары айтылган.