Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Өкмөт кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” бекети ачыларын билдирди   


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү менен. 30-июнь, 2024-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү менен. 30-июнь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз-кытай чек арасына жаңы салынуучу “Бедел” өткөрмө бекетинин, “Барскоон-Үчтурпан-Аксуу автоунаа жолунун курулушун кытай тараптын тийиштүү кызматкерлери менен жеринде талкуулады. Төрөбаев Кытайдын Шинжаң автоном районунун Аксу шаарына иш сапары менен барган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар Ысык-Көл облусунун аймагындагы “Бедел” өткөрмө бекетинин инфраструктурасын куруу боюнча биргелешкен техникалык маселелерди иштеп чыгууну сүйлөштү. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Барскоон-Үчтурпан-Аксуу автоунаа жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатканы белгилүү болду.

Быйыл жаңы өткөрмө бекетин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачуу пландалып жатат. Өткөрмө жайдын толук кандуу иштеши үчүн бажы жана чек ара инфраструктураларын жакынкы жылдары эки өлкө бирге ишке ашырат.

Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол куруу жана өткөрүү пунктун ачуу 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн.

Кыргыз-кытай чек арасында “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери бар. 1-марттан тарта алар күнү-түнү, дем алышсыз иштөөгө өттү.

Өткөрмө бекетти ачуу тууралуу эки тараптын 12-июнда кол койгон келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 24-июндагы жыйынында карап, колдон берген.(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG