Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:38

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрүү пунктун ачууга даярдык башталды


Кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрүү пунктун ачууга даярдык. 15-май, 2024.
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрүү пунктун ачууга даярдык. 15-май, 2024.

Кыргызстан менен Кытай биргелешип жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу боюнча талаа иштерин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 15-майда кабарлады. Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына байланыштуу кеңешме өтүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Жумушчу топ "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Барскоон-Учтурфан-Аксуу автожолунун курулушунун маршруту жана бул объектилердин иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды.

Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол куруу жана өткөрүү пунктун ачуу 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн.

Кыргыз-кытай чек арасында “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери бар. 1-марттан тарта алар күнү-түнү, дем алышсыз иштөөгө өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG