Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:43

Кытайдан Кыргызстанга кирчү үчүнчү автожолду куруу сүйлөшүлдү


Бакыт Төрөбаев Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен учурашуусу. Бишкек, Кыргызстан. 20-август, 2024-жыл.
Бакыт Төрөбаев Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен учурашуусу. Бишкек, Кыргызстан. 20-август, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн сайты кабарлады.

Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралды. Анын ичинде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ал тилке аркылуу өтчү “Барскоон-Үч-Турпан-Аксу” унаа жолунун курулушу тууралуу кенен сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Өкмөттүн маалыматында жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун быйыл сентябрда ачылып турары айтылат. Ушул маалга чейин “Беделде” көпүрөнүн курулушу бүткөрүлгөн. Эл аралык стандарттарга ылайык, толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат.

Жолугушууда мындан тышкары эки мамлекеттин ортосундагы “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилсе, келечекте эки тараптуу жана Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эл аралык маанидеги маанилүү транспорттук-логистикалык коридор болуп, соода жүгүртүү жана жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүүнү камсыз кыла тургандыгына ишенерин билдиришти.

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда учурда эки автожол – Ош облусундагы Эркечтам ашуусу аркылуу жана Нарын облусундагы Торугарт ашуусу аркылуу кирген жолдор бар. Пландалып жаткан жаткан үчүнчү жол – “Барскоон-Үч-Турпан-Аксу” унаа жолу Ысык-Көл облусундагы Бедел ашуусу аркылуу курулат.

Кыргыз-кытай чек арасында жаңы "Бедел" өткөрмө пунктун ачуу жана андан кийин "Барскоон-Үч-Турпан-Аксу" автожолунун куруу маселесин Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери Садыр Жапаров менен Си Цзинпин 2023-жылы Сиан шаарында кездешкенде да, 2024-жылы Астана шаарында жолукканда да сүйлөшкөн. Астанадагы сүйлөшүүдө Жапаров "Бедел" өткөрмө пунктунун ачылышы Кытай өкмөтүнүн 2024-жылга карата планына киргизилгенин, эми кытай тараптын ички процедураларынын аякташы күтүлүп жатканын канааттануу менен белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG