Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Парламент комитети кыргыз-кытай чек арасында "Бедел" бекетин ачууну колдоду


Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында "Бедел" өткөрмө бекетин ачуу тууралуу эки тараптын 12-июнда кол койгон келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 24-июндагы жыйынында карады.

Депутаттарга Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, "Бедел" бекетинин ачылышы өлкөнүн экспорт мүмкүнчүлүгүн жана Кытай менен соода алаканы кеңейтет.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда учурда эки - "Торугарт" жана "Эркечтам" чек ара бекеттери иштейт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG