Фейсбуктагы фейк аккаунт: Каныкей Аранова үч жыл абакта калды

Каныкей Аранова. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

21-августта Жогорку сот пикири үчүн кармалган Каныкей Аранованын адвокатынын кассациялык арызын карап, Бишкектин сотунун аны үч жарым жылга кескен чечимин күчүндө калтырды. Айыпталуучунун жакындары Аранованын атынан Фейсбукка жалган билдирүү жазылып, куугунтукка кабылып жатканын айтып жүрүшөт.

Укук коргоочулар жарандарды соцтармактардагы пикири үчүн камап же сот жоопкерчилигине тартуу учурлары арбыганын белгилешүүдө.

Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жарым жылга эркинен ажыратылган Каныкей Аранованын адвокаты Замир Жоошев айыпталуучунун өзү сотко катышууну каалаганын билдирип, жараянды башка күнгө жылдыруу менен анын өзүн угууну соттук коллегиядан өтүндү. Бирок коллегия бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Адвокат сотто Аранованын кылмыш ишине айыпталышына негиз берди деген Фейсбуктагы постторго тиешеси жоктугун, ал Аранованын атынан ачылган фейк аккаунттан жазылганын, ал аккаунттун артында башка адамдар турганын иликтөөчү журналисттер аныктап чыгышканын айтты:

Замир Жоошев, адвокат.

"Каныкей Аранованын өзүнүн Фейсбук аккаунту кириллица менен жазылган. Ал эми фейк аккаунт латын ариби менен ачылыптыр. Тергөө ошол латын ариби менен жазылган аккаунттун мен жактап жаткан жаранга тийиштүү экенин далилдей алган жок. Тергөөдө Каныкей Аранованын телефонундагы Фейсбук тиркемесин ачкан учурда да ал жактан кириллица менен жазылган гана аккаунту чыккан. Кимдир бирөө атайын Аранованы жаман көрсөтүп, укук коргоо органдарынын көңүлүн бурдуруу максатында ушул аккаунтту жасаган. Экинчиден, шаардык соттун чечими чыккандан кийин, 7-июлда Temirov LIVE каналы Каныкей Аранованын атына ачылган Фейсбуктагы латын арибиндеги аккаунт мурда Адина Жума деген адамдын атында иштегенин аныктаган".

Адвокат Жоошев ошондой эле "айыпталуучунун кичинекей кызы бар экенин, мурда соттолбогонун эске алуу" менен "иш боюнча аны актоону, жок дегенде райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну" сурады.

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Аранованы Бишкектин Биринчи май райондук соту апрелдин аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган. Прокурор мындай чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

28-июнда шаардык соттун коллегиясы Аранованын ишин карап, райондук соттун чечимин жокко чыгарган да, аны 3 жыл 6 айга кесип, сот залынан камакка алган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пикир үчүн камалган Аранованын иши


21-августтагы Жогорку соттогу жараянда да прокурор Аранова күнөөсүн мойнуна алганын, тергөөдө анын күнөөсү далилденгенин жүйө кылып, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырууну өтүндү.

Жогорку соттун коллегиясы бир нече мүнөттүк кеңешүүдөн соң, Бишкек шаар сотунун өкүмүн күчүндө калтырган токтомун жарыялады:

"Жогорку сот Каныкей Арановага карата Бишкек шаар соттук коллегиясынын 28-июндагы өкүмүн күчүндө калтырууну, адвокаттын кассациялык арызын канааттандыруусуз калтырууну токтом кылды. Сот токтому акыркы, даттанууга жатпайт".

Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, Бишкекке жеткирилген.

Эжеси Ырысгүл Аранова Жогорку соттун токтомун "адилетсиз" деп сындады:

"Эгер күнөөлүү болсо, ии, айыбы бар эле дейт элек. Ушундай адилетсиздик өкүм сүргөн өлкөдө жашаганыбыз өкүнүчтүү. Ырайым сурабайбыз. Башыбыз ийилсе, бир Кудайдын алдында ийилсин. Мунун баарын сиңдимдин башына салган адам жазасы өз башына келмейинче бул дүйнөдөн өтпөсүн".

37 жаштагы Арановага 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренесинин негизинде иш козголуп, 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган.

Ачык сөздүн акысы

Июль айында OCCRP - Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору Кыргызстандагы медиа өнөктөшү Temirov LIVE менен Фейсбуктагы пикири үчүн соттолуп кеткен Аранованын иши боюнча иликтөө жарыялаган. Анда Арановага айып коюуга негиз болгон баракча башында башка бирөөнүн атына ачылганы айтылган. Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров мындай дейт:

Болот Темиров.

"Биз иликтөөдө мурдатан эле башка адамдын атында иштеп келген аккаунт мурдагы постторунун баарын өчүрүп, быйыл 14-январдан тартып Каныкей Аранованын атына өзгөртүп, түрдүү мыйзамсыз постторду жазганын аныктаганбыз. Экинчиден, соттун чечими анын кичинекей кызы болгону үчүн мыйзам боюнча күчүнө кирбеши керек эле, бирок өзүңөргө белгилүү болгондой, сот залынан камакка алып, Жогорку сот ал өкүмдү күчүнө калтырды. Үчүнчүдөн, Улуттук илимдер академиясынын адистери лингвистикалык экспертизанын корутундусун бир күндө эле чыгарып берди. Мунун баары бул иш атайын жасалган, куугунтук экенин ачыктап турат".

Дагы караңыз "Фейсбуктагы баракчасы башканын атына ачылган". Аранованын иши боюнча иликтөө чыкты

Ушул тапта камакта Улуттук илимдер академиясынын мурдагы илимий кызматкери Жоомарт Карабаев да Фейсбуктагы баракчасына жазганы боюнча айыпталып жатат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлган. Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен, тиешелүү сертификаттары жок туруп жүргүзүп, корутунду чыгарып беришерин жазып чыккан. Көп өтпөй УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Атайын кызмат жана башка бийлик органдары анын айткандары боюнча комментарий берген эмес.

15-августта Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун үйү тинтүүгө алынган. Анын Чүй облусундагы үйүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тинтишкен. Ысык-Көл облустук милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен иш козголгонун, бул активисттин билдирүүлөрүнө байланышы жоктугун маалымдаган.

Дагы караңыз Бийликти сындаган Фейсбук колдонуучу, козголгон кылмыш иши

Мирланбек Маратбек уулу 20-августта Temirov LIVE каналына маек куруп, экстремизмге эч кандай тиешеси жоктугун, милиция тинтүү учурунда анын Чек ара кызматы менен соттошкон документтерин жыйып кеткенин айткан:

"Мага экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча кылмыш иши козголду деп айтышкан. Тинтүү учурунда менин жалаң Чек ара кызматы менен соттошкон учурумдагы кагаздарымды, документтеримди алып кетишти. Менин соттук иштеримдин аларга не кереги бар? Хизб-ут-Тахрирге тиешең бар деп үйүмдү тинтишсе... Менин жаагымды жаап, сүйлөтө койбоштун аракети деп ойлойм. Жашырганы бар экен дебесин деп, телефонумду да бергем милицияга".

Укук коргоочулар социалдык тармакта пикирин айтканы үчүн жоопко тарткан учурлар көбөйүп жатканын айтып, бул адам укугуна, эл аралык келишимдерге каршы келерин белгилешет. Бирок бийликтегилер мындай дооматтарды четке кагып, өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап келет.

Дагы караңыз Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталады

Июнь айында сот укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган. 1-июлда Свердлов райондук соту акын жана активист Аскат Жетигенди 3 жылга абакка кескен. 15-июлда Чүй облустук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга кескен Аламүдүн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Июль айында сот социалдык тармакка жазган пикири үчүн кармалган активист Зарина Төрөкулованы беш жылга эркиндигинен ажыраткан. Алардын бардыгы мындай чечимдерге макул эместигин билдирип, айыптоолорду четке кагып келишет.

"Азаттык" радиосу былтыр декабрда 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган.

Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да болгон.